Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – «Достук» ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты Президент Садыр Жапаров тапшырды.
Аталган сыйлык мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде берилгендиги белгиленди.

