"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Индияда эми “сары козу карын” каптай баштады

Индияда кара жана ак козу карындан кийин, эми “сары козу карын” катталды деп билдирди The Economic Times басылмасы. Сары козу карындын биринчи учуру жөнүндө жергиликтүү оториноларинголог Б.П.Тьяги айтып чыкты. Медиктин айтымында, бул козу карын адатта рептилийлерде учурайт, адамдарда биринчи жолу кездеше баштады. Сары козу карын адамды алсыратып, тамакка табитин жана дене салмагын жоготот.

Буга чейин “кара козу карын” (мукормикоз) тарап, аны менен ооругандардын саны учурда 9 миңге чукулдады. Бул оору адам коронавирустан айыккандан 12-18 күн өткөндөн кийин пайда болот.