Миллиондогон индиялыктар Холи – түстөрдүн майрамын майрамдашууда. Бул тууралуу bbc.com маалыматтык сайты кабарлады.
Майрам жакшылыктын жамандыкты жеңген күнү катары белгиленет. Индиялыктар жаздын, жылуулуктун кирип келишин тосуп, бир канча күн майрамдашат.
Фестиваль катары өткөн майрамдын эң кызык жери, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, дос-туугандардын бири-бирине түстүү боёкторду чачкандыгында.
Сүрөт bbc.com сайтынан алынды
Майрамга карата атайын таттуулар даярдалып, миллиондогон адамдар мекенине кайтып келип, жакындары менен майрамдашат.