Индияда Ахмадабаддан Лондонго бет алган Boeing 787 Dreamliner учагы кулап түшкөн кырсык боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, учактын кара ящиктеринин бири табылып, аны чечмелөө иши Жарандык авиация боюнча башкы директоротко жүктөлгөн. Экинчи кара ящикти издөө иштери дагы деле уланууда.
Ал эми The Telegraph басылмасы пилот Сумит Сабхарвал кырсыкка чейин диспетчерлерге «Mayday» (өзгөчө кырдаал) белгисин бергенин кабарлады. Пилот: “Учакты көтөрүүгө мүмкүн болбой жатат”, — деп билдирген. Сабхарвал 8200 сааттан ашык учуу тажрыйбасына ээ экени белгиленди.
Соңку маалыматтарга караганда:
-
Кара ящик учактын арткы бөлүгүнөн табылган;
-
Учак абага көтөрүлгөндөн кийин болгону 190 чакырым аралыкка жетип, бир нече секунддан соң калктуу конушка кулаган;
-
Бортто 242 адам болгон — алардын 230у жүргүнчү, калгандары экипаж мүчөлөрү;
-
Жүргүнчүлөр арасында Индия, Улуу Британия, Португалия жана Канаданын жарандары болгон;
-
Учурда кырсыктан аман калган жалгыз адам ооруканада дарыланууда;
-
Окуя болгон жерден 265 адамдын сөөгү табылган. Каза болгондордун арасында медициналык колледждин студенттери да бар.
Индия өкмөтү бул трагедияны иликтөө үчүн жогорку деңгээлдеги атайын комитет түзгөнүн маалымдады.