Индияда «кара көк» (мукормикоз) эпидемиясы күч алууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, бейтаптардын саны 8800гө түздү. Өлүм 50га чейин жеткен инфекция негизинен батыштагы Гуджарат жана Махараштра штаттарында катталып жатат.
«Эгерде бейтаптарга өз убагында жана туура жардам көрсөтүлбөсө, анда өлүмдүн көрсөткүчү 94%га чейин өсүшү мүмкүн», — деди Махараджа Йешвантрао ооруканасынын дарыгери.
Учурда ооруканага түшкөн бейтаптардын 80%ына операция жасоо талап кылынарын кошумчалады.
«Эгерде биз бардык ткандарды, нервдерди жана кабактарды кошо алып салбасак, анда инфекция мээге кирип кетиши мүмкүн. Мында дарыгерге кечикпей баруу өтө маанилүү», — деди ал.
Мукормикоздун очогу биринчи жолу 9-майда Индиянын Гуджарат штатында катталган. Адатта мукормикоз диабет менен ооруган бейтаптарда аныкталган.