Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» (ЖББСИ) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонд (АИФ) тарабынан ишке ашырылуучу инновациялуу академиялык жана изилдөө долбоорлорун каржылоо үчүн биринчи гранттык сынакты баштоону жарыялайт.
Сынактын максаты — өлкөнүн университеттеринин илимий потенциалын күчөтүү, жогорку билимдин сапатын жогорулатуу жана университеттер менен экономика секторлорунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.
Конкурска катышууга бардык мамлекеттик жана жеке менчик Жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана изилдөөчүлөрү чакырылат. Долбоолорду тандоодо аялдар жетектеген, студент кыздарды жана социалдык жактан аярлуу топторду же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан демилгелерге артыкчылык берилет.
🔹 Гранттын максималдуу суммасы: 200 000 АКШ долларына чейин
🔹 Долбоонун узактыгы: 36 айга чейин
🔹 Кыскача өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 14-августуна чейин, саат 24:00гө чейин
🔹 Деталдык сунуштарды тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 23-октябрына чейин, саат 24:00гө чейин
🔹 Формалар жана кошумча маалыматтар: https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387
Маалымат берүү максатында офлайн жана онлайн форматтарда багыттоочу семинарлары өтөт. Катышуу төмөнкү дарекке кат жөнөтүү керек: aifgrant2025@gmail.com (аты-жөнүңүздү, окуу жайыңызды, семинардын датасын жана электрондук дарегиңизди көрсөтүңүз).
ЖББСИ долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып, Изилдоолор жана инновациялар борборлорун тузуу менен бирге аккредитация системасын жана жогорку билим берүү тармагындагы системалык өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө багытталган.
Суроолор жана отунмолорду тапшыруу үчүн байланыш маалыматтары:
📧 aifgrant2025@gmail.com
📞 +996 312 31 70 16 (ДИА/КБ кеңсеси)
Конкурстун негизинде инновациялык идеяларыңызды ишке ашыруу жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз!

