Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине (КыргызПатент) караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде соңку убакта изги иштер жүз берип жатканы алкоого татыйт. Эмесе биз бул жагынан аталган иш чаранын катышуучусу катары айрым урунттуу жагдайларын алдыңарга жарыялоону туура көрдүк.
Өткөн аптада КР Президентинин “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Инновациялык борбордо” “Ак илбирс улуттук символ” аттуу иш-чарасы өттү. Мекеме Ак илбирсти сактоо чакырыгы менен жалпы экосистеманын абалын жакшыртууга болгон аракеттер, айрыкча, Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн аткарып жаткан ишмердүүлүгү, мындан ары алар менен иштешүү боюнча чоң жыйын өткөрүштү. Бул жыйынга бир катар экологдор, табиятты коргоо боюнча иш алып барган эл аралык чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, соңунда олуттуу маселелер ортого коюлуп, иштиктүү чечим кабыл алынган. Мекеме өкүлдөрүнүн мындай аракеттери интернеттеги социалдык түйүн колдонуучулары тарабынан колдоого ээ болууда.
Ал эми 5-март күнү аталган мекемеде КР Президентинин “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү (А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев) жөнүндө” аталышындагы иш-чарага тарых илимдеринин кандидаттары Кыяс Молдокасымов, Аида Кубатова, саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек Сыдыкбаев баштаган илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, бир катар студенттердин катышуусунда жыйын жандуу маанайда өттү.
Айрыкча, Кыяс Молдокасымовдун азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев тууралуу эл билбеген тарыхый маалыматтарды “ташка тамга баскандай” фактыларга ширелиштирип айтуусу отургандардын тарыхка болгон кызыгуусун туудурду. Кыргыз мамлекетинин түптөлгөн 100 жылдыгынан сырткары көөнө тарыхыбыздын 3000, 2200 жылдык басып өткөн жолундагы кызыктуу кеби жыйын катышуучуларын бир сыйра жандантты. Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев аудиториядагы студенттерге Кыяс Молдокасымовго кызыктуу суроо берүүгө чакырып, илимий чөйрөнүн өкүлү катары тарыхчыга таасын собол узатып, эч бир жерден кезиктирбеген жообуна канааттанганын жашырган жок.
Ал эми Аида Кубатова өткөн жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүн 100 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын иш-чаралар тууралуу айтып, кылымдык салтанат муну менен токтобош керектигин тарыхый кызыктуу маалыматтары менен негиздеп берди. Кызыгы, дал ушул Аида Кубатованын өткөн жылы жүз берген мааракелик салтанатка карата “кара жумушту” катыра аткарганына карабастан эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай калганын Кыяс Молдокасымов жашырган жок.
Жыйын соңу студенттер менен илимпоздордун кызуу маанайдагы, жандуу баарлашуусу менен аяктады. Мындай аянтчаны бийик деңгээлде уюштурган “Инновациялык борбордун” кызматкерлеринин иши меймандар тарабынан да оң бааланууда.
Калыгул Бейшекеев