Чехиянын Хавличкув-Брод шаарында 22 жаштагы жаран үйүндө уруксатсыз стоматологиялык клиника ачып, интернеттен алган маалыматтар менен тиш дарылоолорду жүргүзгөн. Бул тууралуу ТRT Haber агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы медайым жана 44 жаштагы тиш протездерин даярдоочу адис ал адамга жардамчы болушкан.
Милициянын маалыматы боюнча, ачылган мыйзамсыз клиникада ондогон бейтап дарыланган.
Андыктан 3 жаран кармалып, мыйзамсыз иш жана мыйзамсыз дары-дармек берүү боюнча айыпталууда. Алар жасаган ишин мойнуна алышкан жана аларга 8 жылга чейин түрмө жазасы берилиши мүмкүн.