Медицина илимдеринин доктору, диетолог Алексей Ковальков учурда популярдуу болуп жаткан арыктоонун интервалдык түрү ден соолукка зыян алып келерин айтты.
Ковальковдун айтымында, айрым адамдарга ашыкча салмактан арылуунун бул жолу өтө кооптуу болуп эсептелинет.
«Арыктоо үчүн интервалдык тамактануунун жолун тандап жатканда, ал адамдын ден соолугун сөзсүз түрдө алдын ала текшерүү зарыл. Себеби, он сааттан ашык убакытка чейин тамактануудан баш таркан маалда, айрымдар гликемиялык комага түшүп калышы мүмкүн», — дейт диетолог.
Диетанын түрлөрү, анын ичинде интервалдык тамактануу көп узакка созулбайт.Андыктан салмагын таштап жаткан адам кайрадан баштапкы калыбына келип калат.
Интервалдык тамактануу — бул арыктоо үчүн ойлонуп табылган ыкмалардын бири болуп эсептелинет. Бул учурда тамактануудан баш тартып, же адаттагыдан бир нече аз азыктануу талап кылынат.
Арыктоонун бул жолун тандагандардын бардыгы : «Бул жашоо образы»,- дешет. Мен болсо: «Диета — бул өзү жашоо образы»,- деп жооп берип келем. Алар: «Жок, бул диета эмес. Арыктоо ыкмасы дагы эмес»,-дешет. Мен алар менен тартышкандан чарчадым, -дейт Алексей Ковальков.
Мария Малышева дагы арыктоо үчүн тамактануудан баш тартуу ыкмасын колдобогонун билдирген. Анын айтымында, мындай ыкмалар адамдын булчуң массасынын бузулушуна алып келип, организм стресске кабылат. Ал толук тамактануудан бир канча убакытка баш тартып, андан кийин кайрадан күнүмдүк режимге өткөндө, салмак кайрадан жаңы күч менен кайтып келет.