"Эркин-Тоо"

 Инвестиция Кытай менен Россиядан көп тартылууда

Улуттук статистика комитети 2024-жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 462,2 миллион доллар инвестиция тартылганын билдирди.

Каражаттын 24 пайызы Кытайдан, 23 пайызы Россиядан тартылган. Инвестициянын 13 пайызы Түркиядан келсе, Нидерланд өлкөсүнөн 7 пайыз, ал эми коңшу Казакстандан инвестициялардын 6 пайызы түшкөн. Алардын  37 пайызы өндүрүшкө, соодага 19 пайызы, пайдалуу кендерди казууга 15 пайызы жана финансылык ортомчулукка 11 пайызы салынган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!