"Эркин-Тоо"
Пресс

ИНВЕСТИЦИЯНЫН АГЫМЫ ӨСҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь аралыгында чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 958 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 1,9 эсеге көбөйдү. Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматы боюнча өлкөгө келген инвестициянын көлөмү тышка чыгарылгандардын агымынан 395 миллион долларга ашканы белгиленди. Чет өлкөлүк түз инвестициялардын 96 пайызга жакыны пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат байланыштарына багытталган. КМШ өлкөлөрүнөн тышкары башка чет өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү былтыркы тогуз айга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Алсак, Япония мамлекетинен 13 эсеге, Түркиядан 4, Швейцариядан 2,6, Кипрден 2,1, Кытайдан 1,6 эсе жана Нидерланд өлкөсүнөн 13,6 пайызга өскөн.