Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан эле ири киреше берүүчү тармактарга чет жактан келген шылуундар көз артып келишкен. Алар жогорку бийликтин колтугуна кирип алышып, өлкөбүздүн экономикасына болуп көрбөгөндөй зыян келтиришкени менен бири дагы жоопко тартылып, күнөөгө баткан жок. Тескерисинче, ошол кездеги кыргыз бийлиги шылуундарды калкалап, колдоп келди. Анда эмесе, сөздүн ток этер жерин айталы.
Тээ 90-жылдардын башында еврей улутундагы Борис Бирштейн деген келди биздин эгемен өлкөгө. Андагы Президент Аскар Акаевдин ишенимине кирип, 7-кабаттан кеңеш бере баштады. Көп өтпөй 1,5 тонна алтынды кымырып алып чыгарып кетти. Ызы-чуу түшкөн кыргыз саясатчыларынын колунан эч нерсе келген жок. Ал эмес өлкөнүн Премьер-министри Насирдин Исанов автокырсыкка кабылып, каза болгондо жанында отурган Бирштейн мырза, ошол замат тыз коюп Өзбекстан аркылуу самолёт менен учуп кетти. Бир өлкөнүн өкмөт башчысынын өлүмүнө күбө болгон Бирштейндин артынан сураган адам болгон жок. Анын жеке кызыкчылыгына кулдук урган ошондогу өлкө башчысы «легендарлуу» парламентти таркатып, Өкмөттү толугу менен кызматынан бошотту. Мындан кыргыз эли уткан жок. “Кумтөр” алтын кенинин таланып-тонолушуна дал ушул Б.Бирштейн негиз салып кеткен. Бул бир.
Экинчиси, ошол 90-жылдарда айды алып берем деген «акылдуу» алдамчы-шылуундар пайда болгон. Алардын бири корей улутундагы Ким деген «Жаштыкинвест» инвестициялык фондун ачып, далай жаранды бал тилине азгырган. Аз өтпөй фондду банкрот кылып, жүз миңдеген акционерлердин акчасы менен өлкөдөн качып кеткенде, ошондогу менчиктештирүүнүн башында турган кыргыз бийлиги жалдырап кала берген. Дагы бир факты. 1994-жылы айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында «Дыйкан Ордо» коомдук бирикмесине Президенттин чечими менен 70 млн сом бөлүп берген. Кызыгы, корей улутундагы Хегай деген «он күндө кайтарып беремин» деп, аталган коомдук фонддон 14 млн сом алып кайтарып бербей койгон. Ал дагы жоопко тартылган эмес. Кийин изин жашырып кетти.
Эдуард Пак дегени «Рентон групп» компаниясын түзүп, финансы пирамидасына алданган элдин акча каражатын топтоп, ал дагы акырын чет өлкөгө журт которду. Президент А.Акаевдин тегерегиндеги аткаминерлер Ак үйдөгү жабык жыйында Э.Пакты жакташып, күнөөнү жөнгө салуучуларга (регулятор) оодара салышкан. Керек болсо, Э.Пактын качып кетүүсүнө шарт түзгөн. Бул чынында эле ачык афера болгон. Карапайым кыргыз жарандары акчасынан куру-жалак кала беришти.
Бакиевдин бийлигинин тушунда Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Валерий Белоконь деген еврейлер Максим Бакиевди пайдаланышып, канчалаган банктарды зордоп банкрот кылышып, не деген акчалар сыртка ташылды. Андан кийин саясий аренада россиялык ишкер Леонид Маевский деген пайда болду. Бул эл аралык деңгээлдеги мошенникти ошондогу бийлик кастарлап тосуп алып, канатына калкалады эле орус бийлиги Л.Маевскийдин шылуундугун далилдеп, темир торго отургузду.
Өлкөнү диний агымдардын миссионерлери каптагандай эле, мошенниктердин мафиясы жердеген, коррупциялык системаны калкалап турган бийлиги бар Кыргызстанда бул адаттагы көрүнүшкө айланган болчу. Өкүнүчтүүсү, эли ишенип бийлик берген кыргыз чоңдору алкымынын азабынан, элдин убалынан коркпой, чет жактан келген же өлкө ичиндеги башка улуттун шылуундарынын кылтагына илинип калганында. Албетте, мына ушундай эл аралык деңгээлдеги алдамчы-шылуундар өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келди. Кыргыз бийлигин эл аралык соттор менен коркутушуп, өз билгениндей тайраңдашты. Темирдей бекем позициясы жок бийлик алардын жетегинде калды.
Бүгүнкү күндө абал башкача. Кыргызстан эгемендүү өлкө катары эл аралык аренада өзүнүн укугун коргой билгендиги менен айырмалана баштады. Президент Садыр Жапаровдун бекем позициясы, анын командасынын кесипкөй ишмердүүлүгү алдамчы-шылуундардын бетин ачып, мыйзамдуулукту орнотушууда.
Маселен, бийликтин туруктуу позициясы “Кумтөр” алтын кенин канадалык шылуун-ишкерлердин чеңгелинен сууруп алууга шарт түздү. Андан башка “Манас банктын” айланасындагы талаштартыш маселе боюнча эл аралык сотто доогер В.Белоконду Кыргызстан утуп алды. Франциянын Жогорку кассациялык соту «Манас Банкка» байланыштуу узак мөөнөттүү талашка чекит коюп, Кыргыз Республикасынын жүйөлөрүн жана позициясын колдоп, В.Белоконь тарабынан берилген бардык даттанууларды четке каккан акыркы чечимин чыгарды. Ошондой эле сот Белокондон Кыргызстандын пайдасына 300 миң евро соттук чыгымды өндүрүп берди. Эми мунун таржымалына кыскача токтоло турган болсок, 2014-жылдын 24-октябрында В.Белоконь менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соттук териштирүүдө арбитраждык чечим кабыл алынган, ага ылайык биздин республиканы “Манас Банктын” мүлкүн мыйзамсыз, мажбурлап ажыраткандыгы үчүн 16 миллион АКШ долларын төлөп берүүгө милдеттендирген.
Андан кызыгы, Кыргызстандын латвиялык банкир Валерий Белокондун доо арызы боюнча 16,5 миллион долларды төлөбөй койгонуна шылтоолошуп, Онтарионун (Канада) Жогорку соту Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясына таандык 6 миллион 500 240 акциясын камакка алуу чечимин кабыл алганы эсибизде. Бирок, Франциянын Жогорку кассациялык соту 2022-жылдын 23-мартында В.Белокондун доо арызын карап, анын кылмыштуу кирешелерди легализациялоо боюнча операциялардан пайда алганын негиздеп, 2017-жылдын 21-февралында бул Арбитраждын чечими жокко чыгарылган.
Дагы бир факты. 2010-жылдын Апрель революциясынан кийин Убактылуу Өкмөт өлкөнү башкарууга келгенде MegaCom уюлдук компаниясынын (Альфа Телеком ЖАК) 49% үлүшү улутташтырылып, калган 51%ы камакка алынган болчу. Мына ушул күндөрү кыргыз саясатчылары баш, чет элдик ишкерлер төш болуп компаниянын майлуу жерин үзүп алууга көп аракет кылышкан. Алардын ичинде биз жогоруда сөз кылган орус ишкери Л.Маевский дагы бар болчу. Бирок, Россиянын мурунку байланыш министри, байланыш тармагы боюнча империя түзгөн Леонид Рейманга таандык делген Penwell Business Limited оффшордук компаниясы MegaCom компаниясына салган инвестицияларын тартып алды деген мүнөздө 2017-жылдын июль айларында эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, биздин республикадан 298 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүсүн талап кылган. Эл аралык арбитраждык коллегия Penwell Business Limited компаниясынын Кыргыз Республикасына коюлган доогердин талабын четке кагып, Кыргызстанга инвестиция салууда доогер жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы менен, түздөн-түз бир нече жолу коррупциялык аракеттерге барган деп чечим чыгарган. Бир сөз менен айтканда, мында да кыргыз бийлиги эл аралык соттордо адилеттүү чечим чыгартууга жетишти. Ушундай эле бир факты – 2007-жылдагы мамлекеттер ортосундагы келишимдин негизинде Таш-Көмүрдө кыргыз-казак ферросплав заводун 2015-жылы ачуу пландалган экен. Буга чейин курулушка 250 миллион сом жумшалыптыр. Жалпысынан долбоорго 37 миллион доллар сарптоо каралган. Казакстандык доогер компания Таш-Көмүр шаарындагы комплекстүү ферросплав заводун куруу боюнча ишке ашпай калган долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан инвестицияны экспроприациялоо (тартып алган) фактысы үчүн 50 миллион доллар компенсация өндүрүп берүүнү талап кылып эл аралык сотко кайрылган. Гаагадагы (Нидерланды) арбитраждык процессте, «Арбитраждык коллегия Кыргыз Республикасы тарабынан доогер талап кылган чыгымга алып келе турган өз милдеттерин бузууну аныктаган жок», — деп чечимди бир добуштан кабыл алышкан. Ошондой эле доогер бардык чыгымдарды — арбитрлердин акысын жана туруктуу иштеген арбитраждык соттун (Гаага Туруктуу Арбитраждык соту) административдик чыгымдарын төлөө милдеттендирилген.
Үч жылдын аралыгында Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча Кыргызстан жеңишке жетишиптир. Көпчүлүк эл аралык сот процесстери алдамчышылуундарга байланыштуу болгонун жогоруда көрдүк. Мындай жеңиштердин жаралышына Кыргызстандын юристтеринин, эл аралык укук коргоо уюмдарынын салымы зор. Ишти колго алса болот экен. Эң башкысы, инвесторлордун бал тилине эмес, жасаган ишине ишенели. Бийлик “тоону томкором” дегендерден сак болушу кажет. Анын азабын учкай айтып өттүк.
Шекербек КАЛЫКОВ