"Эркин-Тоо"

Ипотекага кезекке тургандар эмнеге нааразы?

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн текшергенин социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө жакында ипотекалык батирлер тууралуу суроолордун көптүгүнөн фейсбук социалдык тармагы аркылуу онлайн байланышка чыкканын белгиледи. Ошондо жарандар “кезекти жылдырып коюп жатышат”-деп кайрылышкан.

«Ыкчам реакция жасап, МИКтин ишмердүүлүгүн текшерип чыктым. Сиздерге так айтып коеюн, кезекке туруу тартиби боюнча: Эч ким кезекти жылдырып же өзгөртүп сала албайт. Система ушундай түзүлгөн, андайга жол берилбейт. Кандай гана маселе, суроо талаптар же нааразычылыктар болсо мен ыкчам көңүл бурам», — деп жазды Каныбек Туманбаев.