"Эркин-Тоо"
Аймак

Ипотекалык негизде курулуп жаткан үйлөр

Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов мэрия тарабынан ипотекалык негизде курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан кабар  алды.  Бүгүнкү күндө 3 көп кабаттуу үй курулууда. Август айында алгачкы 80 батирлүү үй пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады.

Шаардын мэри курулуштун сапаты текшерип, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

«Маалым болгондой, Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарынын мэриясы ипотекалык негизде үйлөрдү кура баштаган. Бүгүнкү күндө 3 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Негизги максат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан жаш кызматкерлерибизге, турак-жайга муктаж болуп турган кызматкерлерди жеңилдетилген шартта үй менен камсыз кылуу. Август-сентябрь айларына биринчи үйдү тапшырабыз деп турабыз. Ипотекага кезекке турган жарандар да көп. Биз биринчиден мугалимдерибизге, дарыгерлерге, тазалыкта, жашылдандыруу  чарбасында  иштеген кызматкерлерге, соцкызматкерлерге, муктаждыгы бар шаар тургундарына квота бөлүп беребиз. Албетте, бул боюнча атайын комиссия иш алып барат. Биринчи берилчү көп кабаттуу үй 80 батирлүү. Бардык шарты менен курулат. Автоунаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары да каралган.

Экинчи көп кабаттуу үй Достук кичи районуна курулуп жатат 90 батирлүү   турак үй. Бул көп кабаттуу үйдүн биринчи кабаты поликлиника болот. Шылтоо менен бул кичи шаарчадагы социалдык маселени да кошо чечип кетели деп чечкенбиз. Үчүнчү көп кабаттуу үй шаардын четиндеги Көкүм-Бий көчөсүнө 45 батирлүү болуп курулууда. 2022-жылдын жаз айларына курулушу бүтүп калат. Бул программа иштеп турса,  көпчүлүк жаштарга, муктаждыгы бар шаар тургундарына чоң жардам болот. 4% менен узак мөөнөткө берген жеңилдетилген ипотека бизде гана  бар.  Жакында дагы төртүнчү көп кабаттуу үйдүн    курулушун  баштайбыз. Москва да бир күндө курулган эмес. Аз-аздан иш жасасак да чоң ийгиликтер жаралат. Негизги максат сапаттуу, арзан, женилдетилген шартта үй менен камсыздоо” —  деди шаардын мэри.