Иран туризмди жандандыруу максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен визаларды бир тараптуу алып салганын жарыялады.
Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, тышкы иштер министринин орун басары Али Реза Бигдели, кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына карата Иранга туризм максатында саякатташы үчүн бир тараптуу визадан бошотулушу боюнча жобонун тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөнүн айтты.
Буга ылайык Иранга туризм максатында барган бул 28 өлкөнүн жарандарынан 2024-жылдын 4-февралынан тарта Иранга саякаттоо үчүн виза талап кылынбайт.