"Эркин-Тоо"

Иранда абакта чыккан өрттөн ондой киши набыт болду

Жүздөгөн саясий туткундар кармалып турган Тегерандын Эвин түрмөсүндөгү өрттөн сегиз киши курман болду.  Төрт жабырлануучу ооруканада көз жумду. 60тан ашык адам жарадар болгон. Бул тууралуу Ирандын Сот департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, ишемби күнү кечинде чыр-чатактын жана баш аламандыктын кесепетинен абактын тигүү цехинде өрт чыгып, каза болгондордун баары уурулук боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан.

Социалдык тармактарда “Диктаторго өлүм!” деген кыйкырыктар, мылтыктын жана жардыруулардын үнү угулган видеолор тарап жатат.

Associated Press жекшемби күнү Planet Labs PBC тарабынан тартылган спутник сүрөттөрүн талдады. Тартылган сүрөттөрдө Эвин түрмө комплексинин түндүк бөлүгүнө кирген чоң имараттын чатыры күйүп кеткени байкалат.

Иран бийликтери бул окуя өлкөдө басаңдабаган өкмөткө каршы нааразылык акциялары менен байланышы жок деп ырастоодо.

Евробиримдик Ирандын 11 жеке жана 4 юридикалык жактарына, анын ичинде ирандык «вице-полицияга» каршы санкцияларды киргизди.

Укук коргоочулардын айтымында, демонстрациялар башталгандан бери 120дан ашуун адам набыт болду. Коопсуздук күчтөрү тынч демонстрацияларды басуу үчүн ок атуучу куралдарды колдонушат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!