Алдамчылыкка кабылган жаран ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен кайрылып, иликтөө иштеринин жыйынтыгында ири суммадагы кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран жабырлануучуга Бишкек шаарынан имарат таап берүүнү убадалап, “Южный” комплексиндеги батирлерин ээлеп алган. Кийин ал батирлерди үчүнчү жактарга сатып жиберген. Зыяндын жалпы суммасы 190 миң АКШ долларын түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. 1970-жылы туулган Ш.К. аттуу шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

