"Эркин-Тоо"

Ирригация тармагына 1 млрд. сомго 104 техника алынат

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев быйыл ирригация жаатында тазалап-оңдоо, жаңыртуу иштери кызуу жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы суу менен дээрлик 3510,7 миң гектар же жалпы аянттын 96 пайызы сугарылган.

«Быйыл сугат суу боюнча маселе 2021-жылга салыштырмалуу көп көйгөй жараткан жок. Толук чечилбегени менен бизге караштуу каналдар оңдолуп, суу дыйкандарга жеткиликтүү берилди. Тазалап-оңдоо, жаңыртуу иштери кызуу жүрүп, өзүбүздүн техника менен жасалды. Эгерде башка компанияларды жалдап жасатса, бир жылда 5-6 миллиард сом кетет. Финансы министрлиги ирригация тармагы үчүн 1 миллиард сомго 104 техника алууга көмөктөшкөнү жатат. Бул чечим ишти илгерилетип, өзүбүздүн кызматкерлер иш менен камсыз болот. Ушул жылы суу менен дээрлик 3510,7 миң гектар же жалпы аянттын 96 пайызы сугарылды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 490 суу пайдалануучулар ассоциациясы катталган. Алар сугаруучу аянт 755 миң 81 гектар же сугат аянтынын 74 пайызын түздү», — деди Сокеев.

Ошондой эле  ал ирригация тармагын калыбына келтирүү, оӊдоо жумуштары 2022-жылдын 25-декабрына чейин жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!