"Эркин-Тоо"

ИШ ЖУМА / №83 2023-жылдын 17-октябры

Байланыш чыңдалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына барды. Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелерин талкуулады.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен барган.

Бириккен араб эмиратынын инвестиция тартылат  

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри – БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин БАЭнин Кыргыз Республикасы менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сөз арасында МинКаб Төрагасы буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча даяр экендигин кошумчалады.

Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашып, биргелешкен холдингдик компанияны практикалык негизде ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле, энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашып, “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушун кеңири сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, долбоордун акыркы эсептөөлөрү эмират тарапка берилди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Спортчуларды колдоо — ар бирибиздин милдетибиз!

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан 30-октябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында өтө турган IV – Азия паралимпиада оюндарына катышууга жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын спортчуларынын улуттук курама командасын узатуу аземине катышып, жылуу сөздөрүн арнады.

“Акыркы үч жылда спортту колдоо максатында мамлекеттик ресурстар кыйла көп бөлүндү. Ошону менен бирге спорттун жогорку жетишкендиктерин гана эмес, массалык дене тарбия жана балдар спортун өнүктүрүүгө дагы көңүл бурулууда. Паралимпиада дагы спортко болгон мамлекеттик колдоону жогорулатуу саясатынан четте калган жок. Буга чейинки Азия паралимпиада оюндарына бизден 5-6 спортчу катышса, 2023-жылы Ханчжоу шаарында өтө турган оюндарда Кыргызстандын намысын 29 спортчу коргогону жатат. Кыргызстан сиздердин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанат. Ден соолугуңуздардын мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, ушундай эл аралык мелдештерге катышып жатканыңыздардын өзү чоң жеңиш, баарыбыз сиздерди сүрөп турабыз жана жеңиш менен кайтып келишиңиздерди күтөбүз” – деди Эдил Байсалов.

Сөз соңунда МинКаб төрагасынын орун басары Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Адилет Камчыбековго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин тапшырып, спортчуларга жана аларды коштоп жүргөн адамдарга алдыдагы мелдештерде күжүрмөндүк жана ийгилик каалады.

Жумгал районунда жаңы мектеп ачылды

Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага улуу акындын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, Жумгал жергеси эзелтен таланттарга бай экенин белгиледи. Өз сөзүндө мамлекетте жасалып жаткан иштерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Акыркы үч жылда мамлекеттин казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат”, – деди.

Муну менен катар кийинки жылдын бюджети 657 млрд сом болорун айткан Төрага: “Мурда дефицит менен эсептелген бюджет, жылдан-жылга профицит менен бекитиле баштайт. Бул салык саясатын туура жүргүзүүнүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз” – деп кошумчалады.

Ошондой эле акыркы учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлгөнүн белгилеп: “Алардан жарандар көп жабыркап, айрыкча ишкерлер зыян тартып келишкен. Акыркы 30 жылда криминалдар кеңири кулачын жайып, өнүккөнү баарыбызга белгилүү. Бирок, мындан ары Кыргызстанда криминал менен алектенип, кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөргө катуу чаралар көрүлөт. Коомубузда “каралар” жана “каралар дүйнөсү” деген түшүнүк болбойт. Андайлардын эл арасында эркин басып жүрүүсүнө бөгөт коюлуп, кылмышкерлер аёсуз жазаланат. Жогорку Кеңештин депутаттары да тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барат”, – деди.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чаек айылында жайгашкан М.Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты. Азыркы тапта 380ден ашуун окуучу билим алган мектептин имараты 52 жыл мурун курулуп, азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мугалимдер менен баарлашууда практикалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын, түрдүү лабораториялык куралдардын жоктугу негизги көйгөй катары айтылды.

Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Билим берүүнүн башаты бала бакча

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районунунун Байзак айылына барып, курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды.

120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 млн сомдон ашуун каражат каралганы айтылды. Капсула салуу аземинин алкагында айыл тургундары менен да жолугушкан Төрага: “Келечек ээлерине алгачкы билим берүүнүн башаты бала бакчадан башталат. Андыктан мамлекет тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулууда. Буга бүгүнкү пайдубалы түптөлүп жаткан бала бакча анык мисал. Андан тышкары, мыйзамсыз негизде, туура эмес менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары мамлекетке кайтарылуу иши жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.

Ошондой эле агрардык өлкө катары Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы дагы артыкчылыкка ээ экенин айткан Нурланбек Шакиев кийинки жылы ирригация тармагына эле 2 млрд сом бөлүнөрүн кошумчалады. “Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн каралган каражатты туура колдонуп, каналдарды жаңылоого, арыктарды тазалоого жана жаңы жерлерди өздөштүрүүгө басым жасашыбыз кажет. Ошондой эле тоют камдоодо да кемчиликтер арбын. Буга байланыштуу быйыл жайыттарды калыбына келтирүү боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп, 100 тонна жайыт чөбүнүн үрөөнү сатылып алынып, таратылды”, – деди Төрага.

Жолугушууда Төрага Нарын облусуна тиешелүү бардык маселе менен тааныш экенин жана аларды аймактан шайланып келген депутаттар парламентте байма-бай көтөрүп келе жатышканын белгиледи.

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

 

 

Пример HTML-страницы