БОРБОР АЗИЯ ЖАНА ИНДИЯ КЫЗМАТТАШУУДА
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Борбор Азия жана Индия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Салтка айланган иш-чара регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул форматтын алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоону камтыды.
Марат Иманкулов учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен тиешелүү чараларды иштеп чыгуу үчүн учурдагы коопсуздук тобокелдиктери өлкөлөрдүн ичиндеги процесстерге жана жалпы эле регионалдык кырдаалга канчалык таасир эте аларын аныктоо маанилүү экенин белгиледи. Бул контекстте ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Индиянын афган жолунда, ошондой эле терроризмге, экстремизмге, башка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кеңири өз ара аракеттенүүсү биздин мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына жооп берерин жана региондогу туруктуулукту бекемдөө процессине оң таасир этерин баса белгиледи.
ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ТУРУКТУУЛУКТУН ЖЕМИШИ
Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган Президент Садыр Жапаров мамлекеттин социалдык саясатындагы бардык катмардагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүлүп, экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга карабастан, жөлөкпулдар менен пенсияларды жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы ардактуу эс алуудагы жарандарыбызды пенсия менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га жогорулатылганын айтып, “Мындай ийгиликтер соӊку жылдары өлкөбүздө орногон тынчтыктын, туруктуулуктун жана сиздердин ар тараптуу изденген ишиңиздердин натыйжасында жаралууда. Ошентип, “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” дегендей, биримдиктин, өз кесибине берилүү менен мээнет кылуунун артында оӊ өзгөрүүлөргө, экономикабыздын жандануусуна жол ачылды” деп билдирди.
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖАЛПЫБЫЗГА КЕРЕК
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясына катышып, төралык кылды.
“Дүйнөнүн 25 мамлекети кирген эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешине төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул уюм жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. Бул биздин өлкөнүн эл аралык жарандык коргонуу системасындагы маанилүү ролун таануу, бул жаатта кыргыз тажрыйбасынын баалуулугун ырастоо болду. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күндө техникалык жактан күчтүү мамлекеттик органдардын бири. Эки жылдын ичинде бюджет 4 эсеге – 2 миллиарддан 8 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн. Өрт өчүрүүчү жана инженердик техникалардын паркы 100 пайызга жаңыртылды. 400дөн ашуун өрт-куткаруу жана инженердик техникалар сатылып алынды”, – деди Акылбек Жапаров.
DOLON СИСТЕМАСЫ ИШКЕ КИРЕТ
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен өнөр жайы үчүн Dolon программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу “Долон Системс” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Презентацияда белгиленгендей, бул стартап Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат, компаниянын программалык камсыздоосу Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүндө кызыгууну жаратууда. Программалык камсыздоо геологиялык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде түздөн-түз веб-браузерден жүктөөгө, иштеп чыгууга жана анализдөөгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатат. Иштеп чыгуучунун айтымында, Dolon системасы менен 4-5 сааттык адистин жумушун 30 мүнөткө чейин кыскартат. Кыргызстандык стартаптын программалык камсыздоосу эми кендердеги геологиялык чалгындоо иштеринде колдонула баштамакчы.
МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАЯНАСЫ ДАГЫ КАРАЛАТ
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана министрликтин алдындагы мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жарлыкка ылайык республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүү аркылуу маданият, искусство жана спорт тармагына 673 млн 515 миң сом бөлүнгөн эле.
МинКаб Төрагасы бөлүнгөн каражаттар тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону өнүктүрүүгө, маданият жана искусство уюмдарынын кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, маданият тармагынын ченемдик укуктук базасын жакшыртууга жумшаларын белгилеп, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.
“Өткөн жылдын апрель айында маданият кызматкерлеринин маянасы 100%га көтөрүлсө, кийинки жылы аларды кайра кароо пландалууда. Эң негизгиси, мамлекеттик колдоо, анын ичинде театр, музыкалык искусство жана билим берүү маданият чөйрөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алат. Бул багыттагы чечимдер ыкчам жана эң негизгиси натыйжалуу кабыл алынышы керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
АЛТЫН КУЙМАЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫГАРЫЛА БАШТАЙТ
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды.
Бул ишкананын курулушу Президенттин тапшырмасынын негизинде башталган. Эми өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу алгачкы ишкана болот. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгилеп, аны ишке ашыруу менен баалуу металдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экенин айтты.
Буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргыз Республикасында чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италиянын жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.
Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.