"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №10 2023-жылдын 10-февралы

Көңүл айтып, колдоо көрсөттү

Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтып, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Буга чейин Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлер, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн.


Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3–9-февралда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколдорго кол коюлду. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында пландалууда.


КАЛКТЫН АЯРЛУУ КАТМАРЫ АР ДАЙЫМ КӨҢҮЛДӨ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сокулук районундагы социалдык-эмгек реабилитациялык борборунун ачылышына катышты.

“Калктын социалдык жактан аяр катмарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү максатында жөлөкпулдарды жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумма 15,8 млрд сомду түздү. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтер да 50% төмөндөтүлүп, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздоо алат. Бул багыттагы иштер улантылат. Эң негизгиси, алардын коомдо толук кандуу жашоосуна шарт түзүү» деди Акылбек Жапаров.

Аз камсыз болгон үйбүлөлөргө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 100 миң сомдон каражат бөлүнгөн, эми бул долбоорго тартылган үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңге чейин көбөйтүлөт.

Бул борбор 3 кабаттан турат, анда студенттер жана окуучулар үчүн окуу кабинеттери, тигүү жана жыгач устачылык цехи, майыптардын арабасын оңдоочу устакана бар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн 16 батир каралган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров андан кийин Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы социалдык шаарчанын ачылышына катышты.

Социалдык шаарчанын жалпы аянты 3340 чарчы метрди түзөт. Анда бардык шарттары бар 15 үй (ар биринде 2ден батир), 25 орундуу бала бакча, мечит жана үйлөрдү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суу мунарасы бар.

Социалдык шаарча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкталган.


КОЛ КОЮЛГАН КЕЛИШИМДЕР ИШКЕ АШАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолугушту.

“Коронавирустук пандемияга байланыштуу, убактылуу токтоп турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жанданат ” – деди Бакыт Төрөбаев.

“Кыргызстан – Кытай” бизнесфорумунун алкагында 24 меморандум жана келишимге кол коюлган. Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Статистика боюнча, 2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 млн доллар, импорт – 3 млрд 626 млн доллар.

Ири транспорттук долбоор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча тараптар 2023-жылдын июнь айына чейин толук талаа изилдөө жана техникалыкэкономикалык негиздемелерин бүтүрүүсү керек.


САЛЫК СИСТЕМАСЫНДА ЭБЕГЕЙСИЗ ИШТЕР АТКАРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты.

Анда ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Өлкөнүн фискалдык органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баасын берген Акылбек Жапаров: «Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы тарабынан 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 3,7 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп” деп белгиледи.


ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАР

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдыкэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган кеңейтилген коллегияда: “Ош – Фергана өрөөнүндөгү ири үч шаардын бири катары тийиштүү талапка жооп бериши керек. Технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап калуусу керек. Өлкөбүздүн борбору сыяктуу эле Ош шаары да келечекте чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Биз буга жол бере албайбыз. Убакыттын жана технологиянын талаптарын эсепке алуу менен шаар куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча иштерди кыска мөөнөттө бүткөрүү зарыл» – деди.

Шаардагы салык чогултуу борборго салыштырмалуу 10 эсеге аз, ал эми шаардын бюджети болгону 2,2 млрд сомду түзөт. Шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүп, андан соң «көмүскө» түшкөн каражаттар шаардык бюджетке багытталаарын белгилеп өттү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык мэриясынын бир катар кызматкерлери мыкты иши үчүн сыйланып, муниципалитеттин бир нече кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!