"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №12 2023-жылдын 17-февралы

Акылбек Жапаров көргөн коркунуч эмне?

Министрлер Кабинетинин ТөрагасыПрезиденттин Администрация жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине (WGS) катышты. Ал саммиттин “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары аракетте” аттуу панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы санарип технологиялар маселесине кайрылып, көпчүлүк аналитиктер глобалдык рецессиянын жогорку ыктымалдыгын белгилеп, 2023-жылга анча жакшы эмес божомолдорду берип жатканын белгиледи. Анын пикиринде санариптик технологиялар күн сайын бизге “сюрприздерди” алып келип жатат. Акылбек Жапаров келечекте эң аз жоготуулар менен ага ийгиликтүү өтүүнүн зарыл шарты катары өлкөлөрдүн ортосундагы, жок дегенде региондун деңгээлиндеги дисбаланстын максималдуу кыскарышын эсептейт. Ал учурда мамлекеттердин ортосундагы санариптик теңсиздикке байланыштуу коркунучту ачык көрүп турганын айтып, бул теңсиздик индустриалдык артта калуудан да өтө коркунучтуу экенин белгиледи. Айрым өлкөлөр өз калкын Интернетке кирүүсүн камсыз кыла албай жатса, ошол эле учурда башкалар жасалма интеллекттин пайдасын автоунаалар үчүн автопилотторго акылдуу үн жардамчылары катары активдүү колдонуп жатышканын көрүп жатабыз. Мен муну менен баарыбыздын алдыбызга резонанстуу бир суроо койгум келет: Чын эле жаңы технологиялар бул ажырымды көбөйтөбү?”, — деди Акылбек Жапаров.


ЖОЛУ ОҢОЛГОНДУН ИШИ ОҢОЛОТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиясына катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга антикризистик иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат угулду. Ошондой эле жарандык авиациянын, темир жол тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү, “Түндүк – Түштүк” автожолун куруу, “Бишкек – КараБалта” жана “Бишкек – Нарын – Торугарт” автожолдорун реконструкциялоо (272-365-чакырымга чейин), жол тейлөө ишканаларынын техникалык базасын модернизациялоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды.


УЛУТТУН ТАМЫРЫ – ЭНЕ ТИЛ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эне тил күнүнө карата “Улуттун тамыры – эне тил” аттуу тегерек столго катышты.

Эдил Байсалов Министрлер Кабинети республикада жашаган бардык этностордун эне тилин коргоо жана жайылтуу маселесин жактай тургандыгын белгиледи. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү жана республикада жашаган элдердин тилин кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду.

Иш-чара 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.


XXI кылымдын өкмөтү кандай болушу керек?

Бул суроого Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында өткөн 9-Дүйнөлүк өкмөттүк саммитинин алкагында (WGS) “Келечекке багытталган тездетүүчү жана шыктандыруучу диалогдор” панелдик сессиясында сүйлөгөн сөзүндө жооп берди.

Акылбек Жапаров Өкмөттөр тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө туруштук бере алышы үчүн мамлекеттик башкаруу системасына жана экономикага жаңылыктарды киргизүү жөнүндө айтты. Ал XXI кылымдын өкмөтү кандай болушу керек? — деген суроо коюп, бул суроо бүгүнкү иш-чаранын негизги маселелеринин бири деп белгиледи.

Биринчиден, XXI кылымдын өкмөтү коомдун бардык катмарлары, анын ичинде этникалык, диний жана башка азчылыктар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен өз ара аракеттенүү үчүн ачык болушу керек. Өкмөт өз жарандарынын ой-пикирин гана эмес, маанайын да түшүнүп, чагылдырышы керек. Бүгүнкү күндө интернет, социалдык тармактар, электрондук добуш берүү сыяктуу заманбап технологиялар дал ушундай кылууга мүмкүнчүлүк берет, — деди Акылбек Жапаров.


ДУБАЙ ЖОЛУГУШУУЛАРЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Бириккен Араб Эмиратынын Келечек министри жана Министрлер Кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри, Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитин (WGS) уюштуруу төрагасы Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави, энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазруи жана Рас-Аль-Хайманын башкаруучусу, шейх Сауд бин Сакр Аль Касими менен жолугушуп, өз ара кызматташтык маселелерин талкуулады.


ЖАЗДЫН БИР КҮНҮ ЖЫЛДЫ АНЫКТАЙТ

Кечээ Жогорку Кеңеште быйыл жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер Кабинетинин маалыматы угулду. Депутаттардын суроолоруна Акылбек Жапаров баш болгон Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жооп беришти.

Депутаттар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү, жеңилдетилген баада минералдык, органоминералдык жер семирткичтерди ташып келүү, дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, соода-логистикалык борборлорду түзүү, ошондой эле айыл чарба техникасынын жана ирригациялык объектилеринин сугат мезгилине даярдыкка байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Депутат Мейкинбек Абдалиев Айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторунун үрөндөрүн өндүрүү, малдын жаңы породаларын өстүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты. Министр Аскарбек Жаныбековдун айтымында 2021-жылы Арашан койлорунун жаңы породасы катталып, илимий изилдөөлөрдүн негизинде жаңы 3 түрү сунушталат. Ошондой эле «Айыл Банк» аркылуу фермерлерге лизингдик негизде асыл тукум мал берүү программасы ишке ашырылмакчы.

Алишер Козуев быйылкы жылы пахта жана тамеки себүү маселесине кызыкса, эл өкүлү Шайлообек Атазов борбор калаада мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайлар жана Бишкектеги таштанды төгүүчү жай боюнча маселени көтөрдү. Министрлер Кабинетинин башчысы А.Жапаровдун маалыматы боюнча мыйзамсыз курулган 74 объект аныкталып, 40 объект боюнча талдоо иштери жүрүп жатат, 34 иш сот органдарына жөнөтүлгөн.

Депутат Марлен Маматалиев министрликтин талаачылык иштерин жүргүзүү боюнча келечектүү иш-планынын жоктугу тууралуу маселе көтөрдү. «Айыл чарба министрлиги тарабынан стратегиялык план түзүлбөгөндүктөн, дыйкандарыбыз жыл сайын «сюрприздерди» күтүшүүдө. Анын пикиринде агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун узак мөөнөттүү методологиясын иштеп чыгуу зарыл.

Ошондой эле жыл сайын дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда көйгөй жаралып жатканы айтылды. Бул маселени депутат Улукбек Ормонов көтөрдү. Учурда минералдык жер семирткичтерди ташып келүү жеке ишканалар тарабынан жүргүзүлүп, натыйжада жер семирткичтердин баасы кымбат болууда, — дейт ал. 2019-жылы Өкмөт тарабынан айыл өкмөттөр аркылуу дыйкандарга минералдык жер семирткичтер берилген, бул тажрыйбага кайтуу сунуш кылынды.

Депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!