"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №14 2023-жылдын 24-февралы

Ата Журтка ак кызмат кылуу кыргыз урпагынын жүрөгүндө жашайт

Президент Садыр Жапаров 23-февралда кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо: «Биз бул күнү Ата Мекенин коргоодо курман болгон кыргызстандыктардын эрдиктерин даңазалап, аларды сыймыктануу менен эскеребиз. Ошондой эле азыр да өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого дайым даяр турган ардагерлерибизге ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандын бардык коргоочуларына башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхы Мекенин жоодон коргогон баатырлардын айтып бүткүс эрдиктери менен коштолот. Алар Ата Журтуна берилүү менен ак кызмат кылуунун улуу өрнөгү катары бүгүн да, келечекте да кыргыз урпактарынын жүрөгүндө жашайт, демине дем берип, күчүнө күч кошот.

Бүгүнкү күндө элибиздин улуу жетишкендиги – өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана биримдик!

Күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу аркылуу Куралдуу Күчтөрүбүздүн дараметин мындан ары да өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Эл-жерине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келаткан согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине, аскер кызматчыларынын үйбүлөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем» — деп жазылат.


АКШ мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Акылбек Жапаров элчи мырзаны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз тараптын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «жашыл» экономика, климаттык күн тартиби, маалымат технологиялары жана креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. АКШ элчиси эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдирди.


Евразия өнүктүрүү банкы ишенимдүү өнөктөш

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор боюнча кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Тараптар Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун жана электрондук түрдөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик чечимдерин иштеп чыгуу жана колдоо, санариптик соода, санариптик кооперация жана жеңил өнөр жай тармагын санариптик трансформациялоо өңдүү тармактарда, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүдө, “жашыл” технологиялар жана экологиялык мониторинг чөйрөсүндө, саламаттыкты сактоону, миграцияны жана туризмди санариптик трансформациялоо тармагында, “акылдуу шаарларды” өнүктүрүү багыттарында кызматташууну өнүктүрүүнү жана чыңдоону макулдашты.


Нарында аэровокзал комплексинин курулушу быйыл ишке кирет

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты.

17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген болчу.

Акылбек Жапаров Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү жана жолду тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл чаралар өз убагында жана ыкчам көрүлгөнүн белгилеп, өлкө президентинин тапшырмасы менен быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөнүн жана ал Нарын облусуна дагы бериле турганын айтты. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышып чыкты. Бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын II кварталы деп белгиленген. Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты.


Мамлекет IT эксперттерге кол сунду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT-технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттик Администрация киберкоопсуздук, финансылык технологиялар, санариптик трансформация сыяктуу тармактарда жетиштүү тажрыйбага ээ болгон адистердин катышуусунда көз карандысыз эксперттик кеңеш түзүү чечимин кабыл алганы белгилүү болду.

Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл «Санариптик Кыргызстан – 2019-2023» программасын ишке ашыруу жыйынтыкталып жатат, буга байланыштуу жакынкы жылдарга санариптик мамлекетти куруунун негизги максаттарын, принциптерин жана эрежелерин аныктаган санариптештирүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл.

«Кызматташуу аркылуу биздин республиканы санариптик трансформациялоонун бардык муктаждыктарына жооп берген мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик экономиканы стимулдаштыруу боюнча концепцияны иштеп чыга алабыз деп ишенем. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык коштомо баракчаларды жана башка санариптик инструменттерди киргизүү аркасында 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 148%га көбүрөөк салык чогултуу мүмкүн болду. Ар бириңиздердин өлкөбүздө ар кандай технологиялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча идея жана пикириңиздер бар деп ишенем», — деген Министрлер Кабинетинин башчысы алдыңкы дүйнөлүк компанияларда иштеген мекендештер менен быйыл жолугууга даяр экендигин билдирди.


Жашыл экономика жаркын келечекке жол ачат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программалар талкууланды. Жыйындын катышуучулары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан глобалдык маселелерди чечүүдө гидроэнергетикалык потенциалы жогору өлкө катары Кыргыз Республикасынын маанилүү жана активдүү ролун белгилешти.

«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44%га кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», — деди Акылбек Жапаров.

Франк Рейсберман пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада «GGGI» филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.

№14 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!