"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №19 2023-жылдын 14-марты

Өлкөнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн

Президент Садыр Жапаров 10-мартта ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Имангали Тасмагамбетовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктаган Садыр Жапаров, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Уюмдун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ал өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын толугу менен жумшаарына ишенимин билдирди.

Аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берет. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

“Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат” деп белгиледи Президент.


Кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүүдө

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-мартта Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин Төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

«Акыркы жылдары кыргызкытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуналык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, „Бир алкак — бир жол“ демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуналык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө абдан чоң түрткү берди» деп айтылат куттуктоодо.


Борборго көрк берчү көп тармактуу комплекстин курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров 10-мартта Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнесборбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды.

Мурда «Нарын» рестораны турган бул жерге эми борбор калаага көрк берген заманбап имарат салынат. Садыр Жапаров белгилегендей, учурда курулуш тармагынын тез темп менен өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бир катар ири курулуштар жүрүп жатат. Ал өлкөбүзгө инвестиция салам деген ички-сырткы инвесторлорго ар тараптан жеңилдиктер бар экенин белгиледи.

Бул көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы, 444 батирлүү турак жайларды, соода аянттарын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайларын камтыйт. Долбоордун баасы 321 млн долларды түзөт.


«Ыйман борбору» мечити

Президент Садыр Жапаров 10-мартта Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салды.

Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси – медресе кирет.

Садыр Жапаров Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин тутарын белгилеп, кыргыз эли Жаратканга ишенип, ага болгон ишенимин көкүрөгүнө бекем сактай турганын кошумчалады.

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоор 51 млн долларга бааланган.


Маанилүү маселелер тез арада чечилип, ар бир иш сапаттуу болуусу зарыл

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Мамлекет башчысы курулушу аяктоо алдында турган “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратын көрүп чыкты.

Үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

“Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулуп, аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.

Маалыматты уккан соң Мамлекет башчысы аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртууда аэропорттордун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкөнүн бардык аймактары менен аба байланышын жакшыртуу, өлкөнүн бардык аэропорттору толук кубаттуулукта иштеши үчүн аба каттамдарын өнүктүрүү зарыл. Ал курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.

Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, аларды карап чыгып чечүүнү тапшырды.

Садыр Жапаров Нарын облусунун активи менен аймакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов болсо үстүбүздөгү жылы облустун негизги социалдыкэкономикалык багыттарын өнүктүрүү долбоорун сунуштады.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында Мамлекет башчысы Нарын шаарынын ички жолдорун реконструкциялоону тез арада баштап, быйылкы жылы бүтүрүүнү, 2024-жылдын аягына чейин облустук “Нарын” аэропортун ишке киргизүүнү, быйыл Баетов-Нарын унаа жолунун 36-чакырымына асфальт төшөө иштерин бүтүрүүнү тапшырды.


Төраганын байсалдуу сапары

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 10-мартта Өзбекстан Республикасынын Жызак облусундагы “Жызак” эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жылдын ар кайсы мезгилинде үй ичиндеги температураны туруктуу кармап турууга мүмкүндүк берген жогорку сапаттагы жылуулоочу – базальт материалы өндүрүлгөн “Basalt Wool” ишканасында болду.

Ошондой эле KIA жана Chery үлгүсүндөгү автоунаалардын ар кандай тетиктерин чогултуу боюнча иш алып барган “ADM Jizzakh” заводунун өндүрүштүк линиясы менен да таанышты.

Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында компакттуу жашаган этникалык кыргыздар менен жолугуп, жылуу маанайда баарлашты.

Андан кийин Самарканд шаарындагы Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун Мавзолейине барып, эстелигине гүлчамбар койду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Самарканд шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Жумуш сапарынын акыркы күнүндө Самарканд шаарындагы бир катар айыл чарба ишканаларында да болду.

“Эркин-Тоо” пресс
№14 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!