"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №6 2023-жылдын 27-январы

ШАВКАТ МИРЗИЁЕВ МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЕЛДИ

Кечээ Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен жергебизге келди.

Бүгүн Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаров менен жолугуп, кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелер талкууланат. Ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышат.

Мындан тышкары эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу каралган.


ОРТОК ИНСАНДЫН УРМАТЫНА

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 24-яварда Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту.

Анда кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгы, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жолдору тууралуу пикир алышуу болду. Белгилей кетсек, жергебизде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргызказак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтүп, ага казак тараптан атайын делегация келген.


БЫЙЫЛ 7 ООРУКАНА КУРУЛАТ

Бишкек шаарында Республикалык перинаталдык борбордун курулушу жүрүүдө. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров курулуштун жүрүшүн көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, курулуш Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүрүп жатат.

Перинаталдык борбор дүйнөлүк стандартка ылайык заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Мында ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат. 203 орунга ылайыкталган Борбор быйылкы жылдын экинчи жарымында ишке берилмекчи. Ушундай эле заманбап перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында курулат. Акылбек Жапаровдун айтымында быйылкы жылы эле республикабыздын аймактарында 7 жаңы оорукана курулмакчы. Акылбек Жапаров 128 бейтапка ылайыкталган Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканага да барды.


ЖАШТАРГА ЖУМУШ ОРДУ БОЛСУН

Өлкө жетекчилиги тарабынан жаштарды иш менен камсыз кылуу, анын ичинде кара күч эмгеги жана жогорку квалификация талап кылынбаган тармактарда иштеген эмгек мигранттарынын кайтып келиши үчүн жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүү боюнча артыкчылыктуу милдет коюлган.

Мына ушул маселеге арналган “тегерек стол” 25-январда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусу менен өттү. Анда жаңы жумуш орундарын түзүү, статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясын өзгөртүү, кадрларды тандоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселесинде активдүү чараларды иштеп чыгуу боюнча пикир алмашуу болду.


Ата конуш чакырат

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат.

Бул туурасында маалымат Президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон бардык шарты бар бул үйлөрдүн курулушу ушул жылдын май айларында башталмакчы. Мамлекет башчысы Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарынан этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүүгө болгон аракеттерди көрүүдө. Бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.


ОН БИР ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЮЛДУ

Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин өлкөбүзгө расмий сапарынын алдында “КыргызстанӨзбекстан” бизнес форуму болуп өттү.

Анын ачылышында сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөбүздө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана, анын 22си – биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иштеп жатканын белгиледи. Анын маалыматы боюнча өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543,2 млн долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. «Биз өлкөлөрүбүздүн өндүрүшчүлөрүнүн, өндүрүүчүлөр бирикмелеринин, соода-өнөр жай палаталарынын жана башка бизнес-ассоциацияларынын ортосундагы байланыштарды активдештирүүбүз керек. Ошол эле учурда кызматташуунун эффективдүү механизмдерин түзүү, бюрократияны кыскартуу жана товарлардын жана инвестициялардын эркин жүрүүсүн камсыз кылып, ишкерлердин түз байланыштарын өнүктүрүү зарыл» деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сардор Умурзаков катышты. Бишкекте өткөрүлгөн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.


ЭКОЛОГИЯГА ЭТИЯТ МАМИЛЕ КЕРЕК

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 26-январда Москвада евразия мейкиндигиндеги климаттык маселе боюнча семинар-талкууга катышты.

Адылбек Касымалиев климаттын терс таасирлерин чектөө жана азайтуу боюнча Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө маалымат берип, республика тарабынан экология чөйрөсүндө аткарылып жаткан “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы, парник газдарын кыскартуу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү сыяктуу бир катар демилгелерди белгиледи.

Ошондой эле ал Борбордук Азия чөлкөмүндөгү аномалдуу суук маселесине да токтолуп, электр энергиясын керектөө жогорку чекке жеткенин айтты. Мындай шартта “Кыргыз Республикасы гидроэнергетикада ресурс үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды ишке киргизүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына акырындык менен өтүүгө умтулууда» деп белгиледи Адылбек Касымалиев. Ал Биримдикке мүчө жана байкоочу мамлекеттер тарабынан экологиялык маселелерге комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгына басым жасады.


БАЛДАРДЫ САКТАЙЛЫ

Акыркы жылдары социалдык тармактардын жайылышына жана дары-дармектин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин көбөйүшү байкалууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баңгичиликтин алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында белгиленгендей наркоманиянын кадимки түрлөрү менен катар, балдар жана өспүрүмдөр арасында «дарыкана наркоманиясы» деп аталган күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз алуу мүмкүнчүлүгү кеңири жайылган. Жакынкы күндөрү күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси кеңейтилиши керек. Кылмышжаза жоопкерчилигине тартуу менен өспүрүмдөргө рецептсиз дарыларды берүүгө катуу тыюу салынат» деди Эдил Байсалов.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
“Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!