"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №15 2023-жылдын 28-февралы

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИДЕН КОНЦЕПЦИЯ

Президент Садыр Жапаров 25-февралда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды.

Президент билим берүү жана илим тармагы – мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин баса белгиледи. Министрликтин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлүп, билим берүү жана илимди каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, “каражат бөлүү менен эле көйгөй чечилбей тургандыгы түшүнүктүү, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл” деди Мамлекет башчысы. Ошондой эле маалыматтык технологиялардын доорунда заманбап тенденцияларды ээрчүүнүн маанилүүлүгү жана мугалимдердин окутуу ыкмалары реалдуулукка шайкеш келиши керек. Садыр Жапаров илим тармагындагы маселелерге да токтолуп, Министрлик менен Улуттук илимдер академиясынын өз ара мамилесин чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирди.


Генералдарга Президенттин талабы

Президент Садыр Жапаров 25-февралда укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшырды.

Мамлекет башчысы сыйлык алгандарды куттуктап, алардын артыкчылыктарын белгилеп, ошондой эле ак ниет эмгеги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров генералдардан коррупцияга малынбай иштөөсүн, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.


“ООРУ КАЙСЫ ЖЕРДЕ БОЛСО, ЖАНЫҢ ОШОЛ ЖЕРДЕ”

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өткөн апта соңунда Баткен облусунда жумушчу сапар менен болду.

Акылбек Жапаров Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка жана Борбордук айылдарындагы өткөн жылы сентябрь айында болгон каргашалуу чек ара окуясында талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы салынган үйлөрдүн сапатын көрүп чыкты.

Учурда жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдүн 332синин курулушу толук бүткөн. Калган 86 үйдүн курулуш иштери жаз айларында толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи. Акылбек Жапаров үйлөрдүн курулушу Президенттин түздөн-түз көзөмөлүндө турганын жана мартапрель аягына чыгарып, анан үй эмеректерин толтуруу жагы карала турганын айтты.

Акылбек Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө да барды.

“Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Бардык жаңы техникалар келген” деди Акылбек Жапаров эл менен жолугушууда.

Турак үйлөрдүн баары бүтсө жол салуу, көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери башталат. «Жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке киришсин. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, АкСай айылдарына көчө бойлото арча-карагайлардан отургузуу унутта калтырылбасын. Татынакай айыл болуп калсын деген Президенттин тилегин баарылап ишке ашырууга милдеттүүбүз» деди ал.

Турак үйлөргө жана социалдык объекттердин курулушуна жалпысынан 1 млрд 360 млн сом мамлекет тарабынан которулган.

Баткен – экономиканын кайнаган жери болушу керек

Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү. Ал ишкерлерге гана компенсация берүү жагын эмес, мал-жанынан айрылган элдин маселесине да көңүл бурула тургандыгын айтты. “Үй эмеректери күйдү, мал-жаны өлдү, жоголду, уурдалды. Тизмелер такталсын. Зыянды компенсациялоонун тартиби боюнча Жобо иштелип чыксын. Жабыр тарткан жарандарга финансылык каражаттарды кыска мөөнөттө төлөөнү баштаңыздар” деди ал.

Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик ведомстволорго кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек бизнес форумдарын Баткен облусунда өткөрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууну тапшырып, Баткен – экономиканын кайнаган жерине айланышы керек» деп белгиледи.

Акылбек Жапаров жергиликтүү ишкерлер менен жолукту

Анда сөз сүйлөп “Финансы министрлиги облустун аймагында жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн ар бир ишкер менен келишимдерди түзүүнүн үстүндө иш алып барууда. Ишкерлер үчүн дыйканчылык, айрыкча чек арага жакын аймактардагы багбандарга өзгөчө көңүл бурулуп, ал үчүн бирдиктүү чечим кабыл алып, окшош мөмө берүүчү бактарды отургузуу туура болоорун белгилейм” деди Акылбек Жапаров.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, 269 ишкердин ичинен 79 жеке ишкерге 300 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 23 млн 700 миң сом төлөнүп берилгенин билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекет тамчылатып сугаруу системасына жардам бере турганын айтып, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына 500 гектар жерге бак отургузуу жагын эсептеп чыгып, сунуш берүүнү тапшырды.

Аткаминерлерге жаңы унаалар берилди

Баткенге иш сапары учурунда Акылбек Жапаров облустагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды.

Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акимине, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.

“Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Кызматтык унаалар башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!” деди Акылбек Жапаров.

Кошумчалай кетсек, Президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

Талкаланган тоок ферма жаңыланган фермага айланууда

Акылбек Жапаров кыргызтажик мамлекеттик чек арасында болгон окуяда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды. Тоок ферма Ак-Сай айылында жайгашкан. Фермадагы чыгым ошол учурда 40 млн сомго бааланган. Министрлер Кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлуп, ишкердин уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Акылбек Жапаров ферманын иши менен таанышып, ишкердин уулуна жакшы каалоотилектерин айтып кайтты.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!