ЧЕНЕМИ ЖОК ЭРДИК, ӨЛЧӨӨСҮ ЖОК ЧЫДАМКАЙЛЫК…
Президент Садыр Жапаров 27-январда Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнүнө карата кайрылуу жасады. “1944-жылдын 27-январы — Ленинград шаары фашисттик аскерлердин курчоосунан толугу менен бошотулган күн! Ленинград блокадасындагылар бүткүл дүйнө жүзүнө ченеми жок эрдикти, өлчөөсү жок чыдамкайлыкты гана көрсөтпөстөн, адамдык ар-намыстын, ариеткүчтүн эң мыкты үлгүсүн да көрсөтүшкөн. Бул окуя — жалпы совет элинин биримдигинин, ажырагыс достугунун тарыхы. Сиздерге, жалпы эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, бактылуу карылык тилейм. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун! Элибизде тынчтык жана бакубатчылык болсун!” — деп айтылат кайрылууда.
ЗАМАНГА ЖАРАША ЖАҢЫЛАНУУ ЗАРЫЛ
Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов баштаган академиктерди жана окумуштууларды кабыл алды. Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев илимпоздордун ордосу катары даражасы бийик экенине карабай илимдер академиясынын абалы өтө начар экенин белгиледи. Тармактагы көйгөйлөргө токтолуп, калыптанган системаны реформалап, жаңы багытта өзгөртүүгө убакыт келгенин, билим берүү тармагын, илим изилдөө чөйрөсүн азыркы заманбап доорго ылайыктап жаңылап, тез арада академиянын алдында IT тармагы боюнча институт ачуу керектигин кошумчалады.
ТИМ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ЖОГОРКУ РЕЙТИНГДЕ
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Жыйында аталган министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги эң жогорку рейтингге ээ болгонун белгилеп, “Мен өзүмдүн көңүлүмдү экономикалык дипломатия маселелерин алдыга жылдыруудагы министрликтин маанисине жана ролуна бургум келет. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле жеке секторлордун эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерин диверсификациялоодо абдан маанилүү. Министрликтердин жана ведомстволордун алдында Кытайга ата мекендик экспорттун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы турат”, — деди.
ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮНДӨ ЭҢ ЖОГОРКУ ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮШҮ КЕРЕК
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусундагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын, ошондой эле райондук администрациялардын жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өткөрдү. Анда Ысык-Көл облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча учурдагы абал талданып, ушул жылдын январь айында Ысык-Көл облусттук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө чарчап калган 6 ымыркайга медициналык жардам көрсөтүү боюнча эксперттик баа угулду. Кош бойлуу, төрөгөн аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө кемчиликтер болуп жаткандыгын белгилеген Эдил Байсалов, талап кылынган санитардык нормаларды сактоо боюнча эң жогорку шарттар түзүлүшү керектигин айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмаларды берди. Ишине шалаакылык кылган тиешелүү кызматкерлерге административдик жаза чаралары көрүлдү.
Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы