"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №4 2023-жылдын 20-январы

МААНИЛҮҮ ДАТА

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровду куттуктады. «Азербайжан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бир тууган элиңизди маанилүү дата – Азербайжан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм” деп айтылат куттуктоодо.


АКЫЛБЕК ЖАПАРОВДУН ТҮШТҮККӨ САПАРЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 17-январда Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.

Ал Ош шаарындагы жылуулук электр борборунда болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы ишкананын учурдагы абалы менен таанышып, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн резервдик жабдыктардын жана отун запастарынын жетиштүү экендигинен кабар алды.

Түштүк борбордо 330 көп кабаттуу үйдү, 199 туракжайды жана 88 социалдык объектини жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоочу 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү «Т» формасындагы жолдун долбоору менен таанышты.

“Эсептөө иштерин тездетип, быйылкы жылы долбоорду капиталдык салымдар беренесине киргизүү керек» деди Акылбек Жапаров.

“ИШТЕЙ АЛБАСАҢАР, ИШТЕГЕНДЕРГЕ ОРУН БОШОТКУЛА”

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станцияда болду.

Жамгыр көп жааган маалда Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлануусунан улам шаардыктарга ичүүчү суу берүү токтотулуп калган учурлар бар. Акылбек Жапаров өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган. Бирок Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүнү тандап, бүгүнкү күндө маселе чечилген эмес.

«Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңар, ээлеген кызматыңарды бошоткула. Маселени чече ала турган адамдар чыгат. Ичүүчү таза суу – адамдын эң негизги муктаждыгы» деп белгилеп, так эсептөөлөрдү даярдап, жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоону тапшырды.

ОШ МЕНЕН БИШКЕК АЛДЫДА БОЛУШУ КЕРЕК

Акылбек Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Ал Ош шаарын өнүктүрүү долбоорунун негизги максаты – шаарда ыңгайлуу чөйрөнү түзүү жана шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу болушу керектигин белгиледи.

«Эгерде адамдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү жана жаңы жумуш орундарын ачууга жардам бере турган реалдуу долбоорлор болсо, биз мындай долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бишкек жана Ош шаарлары «акыркы вагондо» отурбашы керек. Алар өз аймактарын өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болушу керек» деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Араван районундагы цемент заводго барып, өндүрүш иши менен таанышты.

КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ЖООПКО ТАРТЫЛАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунан кийин жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна сапар тартты.

2023-жылдын 13-январында ызгаардуу аяздан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп, натыйжада турак жайларга жылуулук жана таза суу берүү токтотулган Майлуу-Суу шаарына келип, жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Акылбек Жапаров оңдоо иштерине бюджеттен 20 млн сом бөлүнөрүн айтты.

Ал суу түтүктөрүндөгү авариянын келип чыгуу жагдайларын, анын ичинде шаардык коммуникациялардын алдыдагы кышка даярдалбай калышынын себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды. “Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат» деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.


ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН КҮЧҮ

Президенттин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусу менен мамлекеттик тилди, илимди жана технологияны өнүктүрүүгө багытталган жасалма интеллект жаатындагы долбоордун жана суперкомпьютердин бет ачары болду.

Эдил Байсаловдун пикиринде, жасалма интеллект кыргыз тилин сактап калуу жана жайылтууда стратегиялык мааниге ээ. Келечекте жасалма интеллект текстти кепке, кепти текстке айландыруу, талдоого жана тексттерди түзүүгө мүмкүндүк берет. “Мамлекет башчынын чечими менен кубаттуулугу секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген суперкомпьютерди сатып алууга каражат бөлүнгөн. Бүгүн биз анын мүмкүнчүлүктөрүн республиканын бүткүл илимий-техникалык чөйрөсү, бардык кызыкдар мамлекеттик жана коомдук органдар тарабынан колдонууга сунуштап жатабыз» деди Эдил Байсалов. Жаңы технологиялык жардамчылардын кыргызча сүйлөшүн камсыз кылуу милдети коюлууда. Ошону менен катар Википедияда кыргыз тилиндеги макалалардын санын кыйла көбөйтүү зарыл.


72 адамдын өмүрүн алган авиакырсык

Президент Садыр Жапаров Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын Президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу телеграмма жөнөттү.

Президент жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Белгилей кетсек, 15-январда Непалдын Покхара шаарына жакын жерде жүргүнчү самолёту кулап, борттогу 72 адамдын баары курман болушкан.


Жарандык жөнүндө Жарлыктар

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1920 адам (1479у чоңдор жана 441и балдар) кабыл алынган. Алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар болуп саналат. Ал эми 205 адам (87си чоңдор, 18и балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан. Бардыгы болуп 2125 адамдан арыз түшкөн.


МААНИЛҮҮ ДАТА ЭНЕРГИЯ ҮНӨМДӨӨ АКТУАЛДУУ БОЙДОН

«Учурда Токтогул суу сактагычында 10 млрд метр кубдан ашык суу бар. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 818 млн метр кубга көп» деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Биринчи радионун эфиринде.

Анын айтымында, 2022-жылдын жылытуу мезгилинде өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсү 15,9 млрд киловат саатты түзсө, 2023-жылы 16,6 млрд киловат саатты түзөөрү күтүлүүдө. Ортодогу тартыштык 1,9 млрд болушу мүмкүн. Тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнстандан 2,0 млрд киловат саат электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн.

Белгилей кетсек, аркы күндөрү электр энергиясын күнүмдүк керектөө эң жогорку чекке жетип, 76 млн киловат саатты түздү. Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев калкты электр энергиясын пайдаланууда белгиленген режимдерди сактоого жана рационалдуу пайдаланууга чакырды.


“КЫРГЫЗ КАШЕМИРИНИН” КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусу менен “Кыргыз кашемир” ЖЧК ишканасы ачылды. Анда 100 адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Бул ишканага Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери тыбыт жөнөтөт. Фермерлерден ишкана жылына 2 млн долларга жакын чийки зат сатып алат. Андан ары өндүрүлгөн кашемир АКШ, Канада, Италия, Англия, Германия, Австралия, Россия, Япония сыяктуу бир катар өлкөлөргө экспорттолот.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!