"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Ишеничтүү адам болуу оңойбу?

Айрым адамдар дароо эле ишеничке кирип, көпчүлүк менен тил табышып кетишет.  Америкалык психологдор ишенимди пайда кыла турган инсандарда  негизги 10 сапат болоорун аныктап чыгышыптыр.  

  1. Ишеничтүү адамдар  дайыма колду жаңсап сүйлөшөт.  Сүйлөгөн сөзүн сөзсүз дене кыймылдары менен коштоп турушат. Эмоциясы менен ишенимди чакырышат.
  2. Көңүл кош мамиле жасашпайт. Эч кимди өз кайгысы менен жалгыз калтырбайт.
  3. Сүйлөшүү учурунда башкаларды уга билет. Сөзүн коштоп турашат.
  4. Көңүл чордонунда болууну самашпайт. Эгер кимдир бирөө көңүл чордонунда калуу үчүн сизге жардам берип жатса, ал ишенимдүү адам эмес. Ишенимдүүлөр берген жардамы тууралуу жар салууну каалашпайт.
  5. Алардын жашоосу өзгөчө болот. Башынан кайгылуу окуялар көп өткөн адамдар бара-бара ишеничтүү адамдарга айланышат.
  6. Аз сүйлөп, көп угушат.
  7. Өзү тууралуу көп сүйлөшпөйт. Сөз талашпайт.
  8. Күнүн позитив менен башташат.
  9. Адамга аялуу мамиле жасайт. Муну көпчүлүк алсыздык катары кабыл алышы мүмкүн.
  10. Бактылуу болушат. Дайыма күлүп жүрүшөт.