Айрым адамдар дароо эле ишеничке кирип, көпчүлүк менен тил табышып кетишет. Америкалык психологдор ишенимди пайда кыла турган инсандарда негизги 10 сапат болоорун аныктап чыгышыптыр.
- Ишеничтүү адамдар дайыма колду жаңсап сүйлөшөт. Сүйлөгөн сөзүн сөзсүз дене кыймылдары менен коштоп турушат. Эмоциясы менен ишенимди чакырышат.
- Көңүл кош мамиле жасашпайт. Эч кимди өз кайгысы менен жалгыз калтырбайт.
- Сүйлөшүү учурунда башкаларды уга билет. Сөзүн коштоп турашат.
- Көңүл чордонунда болууну самашпайт. Эгер кимдир бирөө көңүл чордонунда калуу үчүн сизге жардам берип жатса, ал ишенимдүү адам эмес. Ишенимдүүлөр берген жардамы тууралуу жар салууну каалашпайт.
- Алардын жашоосу өзгөчө болот. Башынан кайгылуу окуялар көп өткөн адамдар бара-бара ишеничтүү адамдарга айланышат.
- Аз сүйлөп, көп угушат.
- Өзү тууралуу көп сүйлөшпөйт. Сөз талашпайт.
- Күнүн позитив менен башташат.
- Адамга аялуу мамиле жасайт. Муну көпчүлүк алсыздык катары кабыл алышы мүмкүн.
- Бактылуу болушат. Дайыма күлүп жүрүшөт.