"Эркин-Тоо"

ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ ИШКЕ КИРЕТ

“Быйыл саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесинде бурулуш жасоо зарыл. Биз бул тармактарда тартипти орнотобуз», — деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча өткөргөн жыйында. Анда саламаттыкты сактоо тармагындагы быйылкы жылдагы милдеттер каралып, министрликке медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн так стандарттарын иштеп чыгуу тапшырылды. Акылбек Жапаровдун айтымында бардык ооруканаларда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, стерилдүү жана тийиштүү инфраструктура менен жабдылган жаңы кабыл алуу пункттары курулууга тийиш. Ал саламаттыкты сактоо уюмдарында педиатриялык кызматты калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн кайра уюштуруу маселесин айтты. Эң негизгиси калкка медициналык жардам көрсөтүлбөгөн учурлар боюнча күнү-түнү иш алып баруучу ишеним телефону киргизиле турган болду.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!