Кыргызстандагы «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» мекемесине 2025-жылдын 11 айында 67 миң 429 чалуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен маалымдашты.
Анын ичинен 2 миң 777 жаран кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган. Алардын 1 миң 170и балдар болсо, 1 миң 607си чоңдор. Психологдор 1 миң 977 жолу консультация берип, 574 адамга психологиялык жардам көрсөтүшкөн. Дагы 226 кайрылуу мамлекеттик органдарга жолдонгон.
Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбүн аялдар жана кыздар түзөт. Ишеним телефону күнү-түнү иштеп, өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды акысыз кабыл алат. Ал турмуштук оор абалга туш болгон жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүгө багытталган.

