"Эркин-Тоо"

Ишенимге кирип, 6 баш жылкыны айдап качып кеткен жаран кармалды

2021-жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Тургундун айтымында, М.Н. аттуу жаран анын ишенимине кирип 8 баш жылкысын жалпы 680 миң сомго баалап, алгач эки жылкысын, кийин келип дагы төрт жылкысын алып, ошол бойдон изин суутуп кеткен.

Учурда бул факты «Кылмыштардын жана жоруктардын» бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында, Чүй облусунун 40 жаштагы Б.М. аттуу жараны кармалып, учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Б.М. ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бардыгы аныкталууда.

Учурда аталган факт боюнча сотко чейинки тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!