"Эркин-Тоо"

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү.

Система бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат жана маалымат порталына интеграцияланган. Zanyatost.kg порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле министрлик тарабынан «Электрондук эмгек биржасы» мобилдик тиркемеси, ошондой эле zanyatost.kg порталынын мобилдик версиясы түзүлүп, жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!