"Эркин-Тоо"

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган Баткендин тургуну кармалды

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кылмышкердин табити барган сайын күчөп, Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Алардан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.

2022-жылдын 25-октябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!