Иш—аракеттер планынын зарылдыгы
Кыргызстан ишкердик жана адам укуктары жаатында Иш-аракеттер планын кабыл алуу зарылдыгы алдында турат. Бул — өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясынын маанилүү элементи болуп саналат. Глобалдык экономика тез өзгөрүп жана эл аралык рыноктордун интеграциясы улам өрчүп жаткан шартта, мындай Пландын кабыл алынуусу өлкө ичиндеги бизнес стандарттарды жогорулатуу менен катар Кыргызстандын глобалдык экономикалык процесстерге толук укуктуу катышуучусу болуусуна шарт түзөт. Ушу тапта аталган План Министрлер Кабинетинде бекитүү процедурасынан өтүп жатат.
Актуалдуулугу жана милдеттери
Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болгон бир катар көйгөйлөр бар. Алды менен чет элдик инвестициялардын чектелген агымы жана кыргыз продукцияларынын дүйнөлүк базарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгени. Ошондой эле кыргыз компанияларынын адам укуктары боюнча due diligence (талаптагыдай этияттык) тажрыйбасынын жетишсиздиги. Булардын баары улуттук продукциянын эл аралык базардагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Due diligence — бул компаниянын ишмердүүлүгүнүн адам укуктарына болгон терс таасирин аныктоо жана азайтуу боюнча үзгүлтүксүз процесс. Адам укуктарын сактоо эл аралык инвесторлор үчүн негизги критерий болуп калганын эске алганда, аны камсыз кылуу инвестицияларды тартууга жана экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз таасир этет.
2027-жылга чейин ишкердик жана адам укуктары жаатында БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу боюнча Программаны жана Планды кабыл алуу Кыргызстандын БУУнун адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларынын алкагындагы милдеттенмелерин кыйла натыйжалуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын башчысы Жайнагүл Азаматова: «Биринчиден, Иш—аракеттер планы Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жагымдуулугун жогорулатат. Адам укуктарын урматтоо — глобалдык инвесторлор үчүн эң маанилүү критерий. Экинчиден, адам укуктары нормаларын бизнес практикага киргизүү биздин туруктуу өнүгүү боюнча стратегиялык максатыбызга шайкеш келет. Бул жөн гана экономикалык өсүштү камсыз клыуу эмес, алды менен эмгек шарттарын жакшыртуу, кызматкерлердин жана керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетүү», — деп белгилейт.
Эл аралык тажрыйба жана мыкты практикалар
Эл аралык тажрыйбада БУУнун Бизнес жана адам укуктары боюнча жетектөөчү принциптери мамлекеттер жана бизнес түзүмдөр үчүн алардын ишмердүүлүгүнүн адам укуктарына тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча негизги багыттарды белгилейт. Бул принциптер кызмат көрсөтүү же продукция өнүдүрүү жана ишке ашыруу чынжырчасында адамдардын укуктарын коргоого көңүл бурат. Эл аралык кызматташтыктын көптөгөн мисалдарында мындай иш-аракеттер пландары мамлекеттердин милдеттенмелерин конкреттештирүүгө жардам бергени көрүнүп турат.
2022-жылы Улуттук иш-аракеттер планын (УИП) кабыл алган Монголия, бул чечим өлкөнүн адам укуктарын коргоо жана инвестициялык климатынын жагымдуулугу боюнча эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртууга жардам бергенин баса белгилейт.
Непал 2024-жылдан 2028-жылга чейин иштей турган Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын сунуштады. Непал бийлиги бул кадам өлкөдөгү адам укуктары стандарттарын бекемдеп, жоопкерчиликтүү бизнестин өнүгүшүнө көмөктөшөт деп бекем ишенишет.
УИПды экинчи ирет кабыл алган Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын талдоо мындай пландардын натыйжалуулугунун дагы да ишенимдүү далилдейт. Мисалы, Польшада биринчи План (2017-2020) ишке ашырылгандан кийин чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 13%га өсүп, өлкөнүн мыйзамдын үстөмдүгү индексиндеги позициясы 5 пунктка жакшырган. Чехия өз кезегинде биринчи УИПды забыл алгандан кийин адам укуктарын сактоо өнөктөштүк үчүн маанилүү критерий болгон ЕБ өлкөлөрүнө товар экспортунун 8%га өсүшүн каттаган.
Кыргызстан үчүн артыкчылыктар
Бизнес жана адам укуктары боюнча иш-аракеттер Планын кабыл алуу эми жөн гана жагымдуу демилге эмес, бул заманбап дүйнөдө өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн негизги зарылчылыктардын бири. Мындай планды киргизүү эл аралык милдеттенмелерди аткарууга гана мүмкүндүк бербестен, Кыргызстандын экономикалык стратегиясыны үчүн дагы абдан маанилүү документ. Экономика жана коммерция министрлиги бул Планды кабыл алуунун экономикалык пайдасын баса белгилейт. Алар инвестициялык климатты жакшыртууга, экономиканын жаңы тармактарын өнүктүрүүгө жана өнүккөн сатуу рынокторуна чыгууга шарт түзөт деп күтүшүүдө.
Жайнагүл Азаматова белгилеп кеткендей: «Эл аралык инвесторлор инвестициялык чечимдерди кабыл алууда адам укуктарын сактоону улам көбүрөөк эске алышууда. Биз чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын өсүшүн, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүн жана экономиканын ар кандай тармактарынын өнүгүшүн болжолдойбуз. Бизнес жана адам укуктары жаатындагы стандарттардын жогорулашы Кыргызстанга ишенимдүү өнөктөш катары ишенимди бекемдейт, бул экспорттун көбөйүшүнө жана улуттук компаниялардын жаңы рынокторго чыгышына өбөлгө түзөт. Эмгек шарттарын жакшыртуу жана кызматкерлердин укуктарын коргоо өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына жана жумушчу күчүнүн сапатынын жакшырышына алып келет”.
Министрлик Иш-аракеттер планынын максаттарын мамлекеттик программаларга жана өнүктүрүү стратегияларына интеграциялоо менен эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү пландаштырууда. Министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз кызматташтык түзүлөт, кадрларды окутууга жана квалификациясын жогорулатууга, тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдү жана эксперттерди тартууга көңүл бурулат.
Ишкердик жана адам укуктары жаатында Иш-аракеттер планын кабыл алуу жөн гана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу эмес, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык келечеги үчүн маанилүү болгон стратегиялык тандоо. Бул Планды ишке ашыруу менен Кыргызстандын бизнес жана адам укуктары жаатында эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча Борбор Азия аймагында лидерлик позицияны ээлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстанга окшогон өлкөлөрдүн, мисалы, Непал жана Монголиянын ийгиликтүү тажрыйбасы, ошондой эле Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү өлчөнүүчү натыйжалар Улуттук планды кабыл алуу жана ишке ашыруу конкреттүү экономикалык пайда алып келерин жана өлкөнүн эл аралык имиджин жакшыртаарын айкын көрсөтүп турат.