"Эркин-Тоо"

Ишкерлер патент менен иштеп, салыкты кирешесине жараша төлөйт

Баарына маалым болгондой, Министрлер Кабинетин Акылбек Жапаров башкарып турган учурда салык саясаты бир топ катаалдашып кеткен эле. Ишкерлер бизнестин бардык түрүнө киргизилген көзөмөл-кассалык машинага (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК-ЭТТН) каршы болуп, базарда иштеген соодагерлер катар-катар акцияларды өткөрүшкөн. Президент Садыр Жапаров өзү аралашкандан кийин кырдаал калыбына келип, жаңы системага толук өтүүнүн мөөнөтү узартылган болчу. Кийин салык тармагындагы ири коррупция аныкталып, жетекчилери кызматтан алынды. Ошондон бери карай ишкерлерге шарт түзүлүп, салык саясаты жумшарууда.

Жыл башында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн салык саясатына байланыштуу жаңы жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, автотранспорт салыгы жоюлуп, жер салыгы боюнча мораторий 2030-жылга чейин узарып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүрдү. Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна которулат жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга, реконструкциялоого пайдаланылат. Мындан тышкары, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды. Президент 2021-жылы дыйкандарды колдоо максатында 2024-жылга чейин жер салыгынан бошоткон болчу. Салык кызматынын ошол кездеги маалыматында, өлкө боюнча жер салыгынан орто эсеп менен жылына 320 млн сомдой жыйналчу. Эми 2030-жылга чейин салык жыйналбайт. Ал эми ЭТТК маселеси акциздик товарларга гана – арак, тамеки, мунайзат, дары-дармек жана башка нерселерге калтырылды. Ошондой эле, импорттук товарларга жана өндүрүшчүлөргө калды. Орто жана кичи бизнес ЭТТКдан бошотулуп, мурдагыдай эле кагаз форматтагы отчётторун тапшыра бермей болду. Эгер кааласа электрондук документти деле тапшыра берет. “Бизге компьютер ыңгайлуу” дешсе, электрондук түрдө, “эски, көнгөн адаттан чыга албай жатабыз” дешсе, кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны толтура беришет. Башкысы, аларга тандоо берилди.

Тактап айтсак, Өлкө жетекчиси Садыр Жапаров ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү, салык системасын жөнөкөйлөтүү жана көмүскө экономиканы азайтуу максатында жаңы жарлыкка кол койду. Бул жарлык менен көптөн бери күтүлгөн салык жеңилдиктери ишке аша баштады. Биринчиси, патенттик система кайра кирди. Эми соода кылган көпчүлүк ишкерлер патент менен иштеп, салыкты кирешесине жараша төлөй алат. Эгер ишкердин жылдык кирешеси 50 миллион сомго чейин болсо – болгону 0,5% гана салык төлөйт. Буга чейин бул чек 30 млн сом болчу. Экинчиси, зер буюм жасагандарга өзгөчө жеңилдик берилди. Мындан ары зергерлер (алмаз, алтын, күмүш ж.б. менен иштегендер) эми 0,25% гана салык төлөшөт. Үчүнчүсү, эгер товар кимге сатылганы так жазылбаса (аты-жөнү көрсөтүлбөсө) – ошол сатуудан 4% салык алынат. Эски 0,1% жана 1% өлчөмүндөгү салык түрлөрү толугу менен жоюлду. Төртүнчүсү, сатуудан алынуучу салык өзгөрдү. Накталай сатсаңыз — 2%, банк аркылуу сатсаңыз — 1% төлөйсүз. Бул патент менен же 0,5% ставка менен иштегендерге гана тиешелүү. Бешинчиси, акча которуу менен байланышкан кирешеден – эми 0,2% салык алынат. Алтынчысы, документтери жок товарлар боюнча мурда эсептелген салыктар каралып чыгат. Чакан жана орто бизнеске мурунку жылдар үчүн айып пул салынбайт.

Жетинчиси, товарга кошумча нарк салыгын кайтарып алуу үчүн – банк аркылуу төлөө шарт. Нак эмес (банк аркылуу) төлөм гана расмий далил болуп эсептелет. Бул көмүскө сооданын азайышына алып келет. Эгер патент менен иштеген сатуучудан товар алсаңыз, сөзсүз элек-трондук эсеп-фактура алыңыз. Ошондо гана ал товарга кеткен акчаны чыгым катары көрсөтүп, пайда салыгыңызды азайта аласыз. Мындан сырткары, мамлекет сиздин үйүңүздү же жериңизди өз кереги үчүн алса (мисалы, мектеп куруу үчүн) — салык төлөбөйсүз.

Көзгө көрүнүп тургандай, бул жарлык таза, ачык иштеген ишкерлерге чоң жардам берет. Салык азайтылды, талаптар жөнөкөйлөштү, коррупцияга жол чапкан мүмкүнчүлүктөр азайды. Ток этээрин айтканда, мамлекет ишкерлерди ишеним менен колдоого өткөнүн турмуш чындыгында көрсөтө алды. Ачык иште, салыкты аз төлө, пайдаңды көбөйт деген нерсени колдоруна карматты. Негизи, салык базасынын абалы – бул экономиканын күзгүсү. Баарыбыз аны туура түшүнүшүбүз керек.

Албетте, бул жерде Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун эмгеги чоң экени талашсыз чындык. Салык кызматынын башчылыгына келери менен бизнес-коомчулугу менен туруктуу диалогду түзүп, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

“Биринчиси – салык адилеттүү болушу керек, эл ыраазы болгудай, же нааразы болбогудай болушу шарт. Экинчиси – салык жөнөкөй, түшүнүктүү болушу зарыл. Башкача айтканда, татаал болбой, же жок эле нерселерге сала бербеш керек. Үчүнчүсү – салык максаттуу болуп, мамлекеттин чыгашасына, же бюджеттин чыгашасына жараша салык жыйналышы керек. Төртүнчүсү – салыктын чени акылга сыярлык болушу шарт. Байга байча, кедейге кедейче, “Алыбек алына жараша” төлөгүдөй болушу абзел. Мына ушул төрт принциптин бирөө бузулса эле эл арасында нааразылык пайда болот. Адилеттүүлүк бузулса, же ЭТТК, ЭСФ деген сыяктуу түшүнүксүз жагдайлар пайда болсо, нааразылык чыгат. Аларды салык төлөөчүлөр эмес, салыкчылар өздөрү түшүнбөй, баары татаалдашып кеткен. Мына ушул нерселерди жөнөкөйлөтүп, төрт принципти калыбына келтиребиз. Азыр ошого умтулуп жатабыз, буюрса жетишүүбүз керек” деген эле, Алманбет мырза чукул аралыкта аны аткара алды. Бүгүнкү күндө ишкерлер ыраазычылык гана айтып жатышат. “Бардык ишти билимдүү кадр гана чечет” деп бекеринен айтылган эмес экен. Президенттин көсөмдүгү ушул жерден да билинди. Дегенибиз, Алмамбет Насырканович алгач дайындалганда “салык тармагында бир күн иштебеген адам эч нерсе жасай албайт, тескерисинче сазга кептейт” деп сын айткандар болгон. Иш жүзүндө башкача болду. Ишибиз илгерилей берсин!

Зулпукаар Сапанов