"Эркин-Тоо"
Иш-жума

КЕЗЕКТЕГИ САНКТ-ПЕТЕРБУРГ ЖОЛУГУШУУСУ

ИЛЬХАМ АЛИЕВДИ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров телефон аркылуу Азербайжан Республикас ынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди каалады. Кошумчалай кетсек, 24-декабрда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев 61 жашка толду.


АДАМ УКУГУ БОЮНЧА 16 ИШ-ЧАРА

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 23-декабрда Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Кеңештин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын отчетун угуп, 2023-жылга иш-планын бекитти. Иш-планда 16 ишчара камтылган. Жыйында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.


КЕЗЕКТЕГИ САНКТ-ПЕТЕРБУРГ ЖОЛУГУШУУСУ

Президент Садыр Жапаров кечээ КМШнын мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүп келет. Жолугушууга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Кошумчалай кетсек, иш-чара УТРКда жана соцтармактарда түз эфирде көрсөтүлүп, жолугушуунун жүрүшү менен элибиз кабардар боло алышты.


МАДАНИЯТТЫ ЖАЙЫЛТУУДА ТҮРКСОЙдун МААНИСИ ЧОҢ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев менен жолугушту. Анда маданиятты өнүктүрүү жана жайылтуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жана координациялоонун актуалдуу маселелери талкууланды.


АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ АКТУАЛДУУ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азыктүлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Жыйында Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ушундай тапшырма берди. Ошондой эле эң зарыл болгон азык-түлүк товарларына баалардын мониторинги улантылып, тиешелүү иштер жүрөт. Жыйындын жүрүшүндө Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселелер каралды.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№113 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 27-декабры