Искен КАЧКЫНБАЕВ: “Дүйнөдө Кыргызстандын эстетикалык хирургиясы бийик деңгээлде”

Искен Качкынбаев өлкөдөгү эстетикалык хирургдардын сап башында турган сыймыктуу инсан. Ал бул тармакта 22 жылдан бери бир нече операцияларды жасап, акыркы жылдары эстетикалык сулуулукту илимий жактан да изилдеп жүрөт. Америкада “азият улутундагы кыздарга сурма жасоонун сырлары” деген темада доклад жасаган. Мындан улам өлкөдөгүэстетикалык сулуулуктун наркы, талаптары, микрохирургиянын абалы тууралуу кеп куруп берди. 

 “Буйруса ушул жерде биздин да желек турат” деп ниеттенгем

— Ар бир эки жылда дүйнө жүзүндө эстетикалык пластикалык хирургдар чогулуп, чоң конгресс өтөт. Алты жыл мурун Японияда, андан мурун Чилиде, 2018-жылы Маямиде өткөн. Ага бүткүл дүйнөдөн 4 миңден ашуун эстетикалык хирургдар келишкен. Быйыл 12-декабрдан 14-декабрга чейин Москва шаарында пластикалык хирургия жана эстетикалык медицина боюнча 10-юбилейлик конгресс болуп өттү. Азиялык кабактын пластикасы боюнча3 баяндама жасадым. Орусиялык көптөгөн хирургдар биздин ыкма менен операция жасашат. Андыктан, Орусиянын аймагында 40 ирээт ар кандай конгресстерде 9 мастер-класстарды жана азиялык кабак боюнча лекцияларды окудум.Жогоруда айткан конгресс эстетикалык хирургия дүйнөсүндөгү эң чоң жыйын. Анда жаңы лекцияларды угуп, жаңы илимий ачылыш, методикалар менен таанышабыз. 8жылдан бери Европа, КМШ мамлекеттерине өзүмдүн иштеримди көрсөтүп, аныктамаларымды далилдеп жүрөм. Мисалы, Орусияда азият көздөргө сурма жасоо боюнча докладдарды мен гана жасайм. Мактангандай болбоюн, кайсы гана конгресс болбосун, сурма боюнча мени чакырышат. Сурмасы жок азият улутундагы көздөрдүн 5 түрүн аныктап, дүйнөлүк конгрессте англис тилинде доклад жасагам. 10 жыл мурда Сан-Францисскодо өткөн конгрессте башка мамлекеттердин арасынан биздин өлкөнүн желегин таппай коюп,“ушул жерде биздин да желек турат, ал турсун өзүм да доклад жасап, алган билимимди айтып берем”- деп ниеттенгем. Кийин 2018-жылы алар мени дүйнөлүк конгресске чакырышканда абдан сүйүнүп, даярданып, англис тилин да үйрөнгөм. Конгресстин төрагасы, дүйнөлүк профессорлор докладымды жактырып, колдоп, январда Парижге чакыруу алгам.

“Улгайган эжелер да сурма жасатат”

— 7-8 жылдан бери жөн гана операция жасап койбостон, аны анализдеп, иликтеп, билген нерсемди чет жака чыгып айтып берип жүрүп ийгиликке жетиштим. Учурда Орусия, Казакстан, Европага доклад жасап турам. Андан сырткары “азият улутундагы кыздарга сурма жасап берчи, биз көрүп, методикаңар менен таанышалы” деп чакырышат. Андай масстер класска көп барам. Орус кесиптештерим эмгегимди баалап, “Россиянын аймагында эстетикалык хирургиянын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн” деп, Скворцовадан ардак грамота жиберишкен. Учурда сурмага операция жасаткандар да, адистер да көп. Жаш кыздар эмес, улгайган эжелер дасурма жасатат. Бул кызматты пайдаланган мырзалар да жок эмес. Эң көп санда жасалган операция биздин өлкөдө.Жашоомду, сырткы турпатымды өзгөртөм дегендер албетте жаштар. Айрымдары турмушун, тагдырын ушул нерсе менен байланыштырат. 95%ы айымдар болсо, 5 %ын мырзалар түзөт. Бирок, мырзалардыкы бир аз башкачараак. Алар сынган мурун, сынган кулак же бетинде травмадан улам калган тырыктарды алдырып, түздөтүшөт.

“Кыргызстан азият көздөрдүн мекени”

— Орусиядан бир топ адистер келип биздин борбордон үйрөнүп кетишет. Себеби, сурма жасатам деген азият улутундагы кыздар Орусияда да көп. Бул алардын эстетикалык хирургдары алсыз дегенди түшүндүрбөйт. Болгону алар буга чейин европа улутундагы кыздарга сурма жасап келишкен. Азият улутундагы кыздар эми жасата баштады. Орусиядагы кээ бир клиникалар Якутия, Саха, Сибир ж.б. аймактардан келген кардарларды “көзүңөжакшы сурма жасатам десең, Кыргызстанга бар”- деп жиберишет экен. Кыргызстан азият көздөрдүн мекени.Андыктан, бизге якут, чукча, хакастар көп келишет.

“Туура жасалса эстетикалык операциянын эч кандай зыяны жок”

-Жогоруда белгилегенимдей Кыргызстанда көзгө сурма жасоо боюнча операция ыкмасы өзгөчө. Ошондуктан, бул “кыргыз пластикасы”деген атка ээ. Калган операциялар башка өлкөлөрдөн айрымасы жок. Төшкө без салынабы, кулак жасалабы, бетти жашартабы, курсакты алабы же жамбашты чоңойтобу бардыгы окшошаткарылат. Мурда сурма боюнча иштесем, азыр бетти тарттыруу, жашартуу боюнча да чакыруу ала баштадым. Бет боюнча дүйнөлүк доклатчылар жүздөн ашпайт. Ошол жүз илимпоздун арасына чакырылып, мен карылыктын этиологиясы боюнча доклад жасагам. Бул боюнча дагы дүйнөлүк конгресске Ливанга чакырышкан. Бет боюнча өзүбүздүн илимий докладыбыз бар. Айтор, эстетикалык хирургия боюнча дүйнөдө кадыр-баркыбыз жакшы. Кыргызстандын эстетикалык хирургиясы бир топ бийик деңгээлде. Дүйнө жүзүндө жылына көзгө 2 миллиондон ашык операция жасалат. Эгер зыяны болсо ошонун бары сокур болуп калмак. Анда бул операция чийилип, медицинадан алынып салынмак. Мисалы, мен 19 жылдан бери 3,5 миң ден ашык көзгө операция жасаптырмын. Кудайга шүгүр, баары эле жакшынакай жүрүшөт. Азыркы заманбап медицинада коопсуздук деген нерсе 1-орунда турат. Бул тармак медицинада жаш илим эмес. 50 жылдан бери улам жаңыланып, жакшырып, өнүгүп келе жатат.Ошондуктан, туура жасалса эстетикалык операциянын эч кандай зыяны жок. Баалары кардарлардын шартына, элдин жашоо деңгээлине жараша болот. Мисалы, Орусиянын деңгээлиндеги бааны коюп койсок албетте эч ким келбейт. Баасын так кесе айтуу кыйын. Себеби, колдонуу куралдарынын, стерилизациядан өткөн материалдардын, имплант, жиптердин баасы бар. Ал бирде ыйдый, бирде өйдөболуп турат. Мына ошолордун бардыгын кошуп, операциянын орто баасы чыгат. Чынында Алма-Ата менен Орусияга караганда алда канча арзан. Майыптарга албеттежеңилдиктерди кылабыз. Ал турсун бекер жасап берген учурларыбыз да болот.

Жакшынакай келбетти туура эмес жасап салууга болбойт”

-Башында мен микрохирург болуп 8 жыл иштедим. Микрохирургия бул медицинада өтө кылдаттыкты талап кылган тармак. Колду ордуна коюп, үзүлгөн кулакты ордуна тигип берүү чоң чеберчиликти талап кылат.1993-1995-жылдары эстетикалык хирургия жаңыдан чыга баштаган. Жаңы нерсеге ар бир адис кызыгат. Ошол сыяктуу менде да кызыгып, терең ойлонуп, эстетикалык хирургияга багыт алып, Москвада окуп, үйрөнүп баштагам. Чынында эстетикалык хирургия тармагыөтө кызыктуу. Көп студенттер эстетикалык хирург болгусу келет. Себебин сурасаң, “акчасы жакшы” дешет. Алардын оюн өзгөртүп, бул нерсенин аркасында кандай жоопкерчилик, кандай түйшүк бар экенин айтам. Себеби, эстетикалык хирургияда ката кетирбөө керек. Хирургиядагы эң татаал тармак мына ушул. Себеби, ал адамдан сырткары аны туугандары, жакындары көрөт. Жакшынакай келбет менен келсе, аныартык кылам деп тыртык кылып салууга болбойт.

“Илимий саякаттоо адамдын жан дүйнөсүн, көз карашын өзгөртөт”

-Дүйнөнүн элүүдөй ооруканасын көрдүм. Ал жердеги оорулууга болгон мамилени, келишимди, методикаларын көрүп, бул жакка алып келгим келет.Илимий саякаттоо адамдын жан дүйнөсүн, көз карашын өзгөртөт. Чет жерден алган таасирлеримди досторума, үй-бүлөмө айтып берем. Төрт жыл мурун Японияга барып абдан ойлонуп келгем. Алар өз жерин, мамлекетин өтөсүйөт экен. Көчөдө түкүрүп, тамеки таштаган адамды көргөн жокмун. Бишкектен тамеки, таштандыны көчөгө таштаган адамды көрсөм токтотуп, дароо айтам. Сагызды жерге түкүрүүгө Сингапурда 3 миң доллар айып пул салынат. Биз болсо сагыз эмес баштыгы менен таштандыны ыргытып жиберебиз. Өз эне тилибизди сактап, сөгүнүү адатыбыздан арылышыбыз керек. Аң-сезимибизди оңдоп, илимге ыкташыбыз зарыл. Мына ушундай жакшы нерселерге элибизди чакырам.Америкада анлисче сүйлөсөң аябай сүйүнүшөт. Ката кетирсең жардам берип, үйрөтүшөт.

  “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”

-“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, көп эле иштер колумдан келет. Үйдө устачылык кыла койчумун, акыркы жылдары иштин көптүгүнөн ал да калып баратат. Жашымда, тыйын тартыш кезинде үйдөгү эмеректерди деле жасап, кафелдерди деле чаптап алчумун. Кафель чаптоонун, темир ширетүүнүн кереги тиет деп армияда жүргөндөүйрөнгөм. Бош убакытымда жума күнү досторум менен бильярд ойнойм. Бизде спорттун бул түрү жакшы өнүккөн. Андан сырткары бассейнге барам. Үй-бүлөбүз менен дем алыш күндөрү лыжа тебебиз. Мына кыш келди, эми лыжа тебүү башталат. Жайкысын дачада болуп, бакча иштери менен алектенебиз.

Жазгүл КАРБОСОВА

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст