"Эркин-Тоо"

Искен КАЧКЫНБАЕВ: “Дүйнөдө Кыргызстандын эстетикалык хирургиясы бийик деңгээлде”

Искен Качкынбаев өлкөдөгү эстетикалык хирургдардын сап башында турган сыймыктуу инсан. Ал бул тармакта 22 жылдан бери бир нече операцияларды жасап, акыркы жылдары эстетикалык сулуулукту илимий жактан да изилдеп жүрөт. Америкада “азият улутундагы кыздарга сурма жасоонун сырлары” деген темада доклад жасаган. Мындан улам өлкөдөгүэстетикалык сулуулуктун наркы, талаптары, микрохирургиянын абалы тууралуу кеп куруп берди. 

 “Буйруса ушул жерде биздин да желек турат” деп ниеттенгем

— Ар бир эки жылда дүйнө жүзүндө эстетикалык пластикалык хирургдар чогулуп, чоң конгресс өтөт. Алты жыл мурун Японияда, андан мурун Чилиде, 2018-жылы Маямиде өткөн. Ага бүткүл дүйнөдөн 4 миңден ашуун эстетикалык хирургдар келишкен. Быйыл 12-декабрдан 14-декабрга чейин Москва шаарында пластикалык хирургия жана эстетикалык медицина боюнча 10-юбилейлик конгресс болуп өттү. Азиялык кабактын пластикасы боюнча3 баяндама жасадым. Орусиялык көптөгөн хирургдар биздин ыкма менен операция жасашат. Андыктан, Орусиянын аймагында 40 ирээт ар кандай конгресстерде 9 мастер-класстарды жана азиялык кабак боюнча лекцияларды окудум.Жогоруда айткан конгресс эстетикалык хирургия дүйнөсүндөгү эң чоң жыйын. Анда жаңы лекцияларды угуп, жаңы илимий ачылыш, методикалар менен таанышабыз. 8жылдан бери Европа, КМШ мамлекеттерине өзүмдүн иштеримди көрсөтүп, аныктамаларымды далилдеп жүрөм. Мисалы, Орусияда азият көздөргө сурма жасоо боюнча докладдарды мен гана жасайм. Мактангандай болбоюн, кайсы гана конгресс болбосун, сурма боюнча мени чакырышат. Сурмасы жок азият улутундагы көздөрдүн 5 түрүн аныктап, дүйнөлүк конгрессте англис тилинде доклад жасагам. 10 жыл мурда Сан-Францисскодо өткөн конгрессте башка мамлекеттердин арасынан биздин өлкөнүн желегин таппай коюп,“ушул жерде биздин да желек турат, ал турсун өзүм да доклад жасап, алган билимимди айтып берем”- деп ниеттенгем. Кийин 2018-жылы алар мени дүйнөлүк конгресске чакырышканда абдан сүйүнүп, даярданып, англис тилин да үйрөнгөм. Конгресстин төрагасы, дүйнөлүк профессорлор докладымды жактырып, колдоп, январда Парижге чакыруу алгам.

Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!