"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Ислам шериктештиги оюндары: Мээрим Жуманазарова алтын медаль алды

Мээрим Жуманазарова Ислам шериктештиги оюндарында 68 кг салмак категориясында күч сынашып, жеңүүчү аталды.

Кыргызстандык балбан кыз алгачкы беттештерде бангладештик Халима Актерди 6:0, азербайжандык Нигар Мирзазаданы 12:1 эсеби менен жеңип, турнирдин финалына чыкты.

Чечүүчү финалдык кармашта Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болду.