"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Ислам шериктештиги оюндарында Асан Жанышов коло медаль тагынды

Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында Асан Жанышов коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Балбан 87 кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбаны Ислам Аббасовду 9:0 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.