— Исмаил Исакович, АКШнын үч президентинин мурдагы кеңешчиси, Борбор Азия боюнча эксперт Фредерик Старр “Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров ири жана системалуу көйгөйлөрдү чече алды” деген пикирин билдирди. Президент башка мамлекеттер суктана турган жакшы иштерди жасадыбы?
— Президент Садыр Жапаровдун аткарган иштерине башка мамлекеттер суктанары жөнүндө алардын атынан бир нерсе деп айтуу этика жагынан да, башка жагынан да туура болбой калат. Бирок, Фредерик Старрдын айткандарына макул болбой коюу мүмкүн эмес. Анткени, ал Орто Азия жана Кавказ институтунун түзүүчүсү катары Орто Азия мамлекеттеринин ичиндеги аткарылып жаткан иштердин жакшы жактарын да, терс жактарын да жакшы билген жана аларды талдап, салыштырып жүргөн эксперт. Анын эксперттик ою менен көптөгөн башка чет элдик эксперттер, серепчилер, адистер жана мамлекеттик органдардын адамдары да эсептешишип, айткандарына көңүл бурушуп, ишенимдүү көз карашта карашат.
Экинчиден, ал Американын жараны болгондуктан бизге окшоп кошомат кылууга же бирөөнү мактоого атайылап барбайт. Алардын табийгатында андай түшүнүк жок. Мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүргөн өлкөнүн жараны катары эл аралык коомдо өзүнүн аброюн жана репутациясын төмөн түшүрүүгө жол бербейт. Алар үчүн туура эмес маалымат берүү өзүн эксперт катары жок кылууга барабар болуп саналат. Ошондуктан мындай эксперттер далилсиз жана конкреттүү фактыларсыз маалыматтарды бербейт.
Үчүнчүдөн, дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттин президенттери менен иштеп, аларга кеңешчи болуп ар кандай маселелер боюнча сунуштарды берип жүргөн инсан конкреттүү жана далилдүү фактыларсыз башка өлкөлөрдүн президенттери болобу же башка маселелер болобу бир нерсе деп айтышы мүмкүн эмес. Мына ушул жактарын эсепке алып караганда эле анын айткандары бир эле бизде эмес, дүйнөлүк коомдун арасында дагы ишенимди жаратат. Ошондуктан биздин президенттин ишмердүүлүгү жөнүндө берген анын баасы конкреттүү фактыларга негизделген эксперттин чыгарган тыянагынын жыйынтыгы деп эсептейм. Жеке мен анын тыянагын Кыргызстандын жараны катары эле эмес, аткарылып жаткан иштерди ичинен билген, кээ бирлери боюнча өз оюмду ачык билдирип, сунуштарымда берип жүргөн инсан катары негиздүү жана туура деп эсептейм.
— Президент Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери кайсыл олуттуу маселелерди чече алды?
— Албетте, беш жылдын ичинде президент жалгыз өзү эле эмес, жалпы кыргыз эли менен бирге башынан кандай гана окуяларды өткөргөн жок. Анын арасында жакшысы да, жаманы да, ачуусу да, таттуусу да, ысыгы да, суугу да болду. Объективдүү жана субъективдүү негиздердин алкагында туура эмес иштер да болбой койгон жок. Ошону менен бирге маанилүү маселелер каралганда кээде колдоого алып, кээде каршы позициясын ачык билдирип, көпчүлүк учурларда чечкиндүү кадамдарга барып, Садыр Жапаров өзүнүн командасы, өзгөчө Камчыбек Ташиев менен биргелешип чече албайбыз го деген көйгөйлүү жана олуттуу маселелерди эксперт Фредерик Старр айткандай системдүү жана реалдуу түрдө чечкенге жетишти. Алардын биринчиси, “Кумтөр” кени. “Кумтөр” азыр өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн иштеп, экономиканын өнүгүшүнө мурдагыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй салымын кошууда. Мисалы, мурун «Кумтөр» казылып баштагандан тартып 2021-жылга чейин бюджетке болгону 600 млн доллардай түшсө, 2021–2025-жылдардын ичинде 1,6 млрд доллардан ашыгыраак каражат түштү. Бул эбегейсиз чоң каражат…
Экинчиси, көйгөйлөрдүн көйгөйү болгон Өзбекстан жана Тажикстан менен чечилбей келген чек ара маселелери чечилди. 2025-жылдан тартып чек ара маселелери толук чечилген өлкөлөрдүн катарына кошулуп, кылымдар бою бирге жашап келген коңшулар менен болгон катнаштар жаңы деңгээлге чыкты. Чек арада жашаган элдерибиздин коопсуздуктары сакталып, коңшулар менен карым-катнашты бекемдөөгө жана биргеликте өнүгүшүбүзгө шарт түзүлдү. Эң башкысы, мурдагыдай өлүм менен коштолгон чатактар токтоп, тараптар расмий таанып кабыл алынган чектерибиз тосмолор менен тосула баштады.
Үчүнчүсү, Кытайдан Өзбекстанга биз аркылуу өтө турган темир жолдун салынышы боюнча түзүлгөн келишим болду. Бул маселе 2000-жылдары биз депутат болуп турганда башталган болчу. Тилекке каршы, ошондогу биздин президенттер башка өлкөлөрдүн кысымдарына туруштук бере албагандыктан жылдан-жылга жылдырылып келген эле. Садыр Жапаров ошондой кысымдарга туруштук берип, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадамдарга барды. Натыйжасында келечекте Кыргызстанды кургактын “деңизине” айлантууга жетишти. Бул жол коңшулардын жолдоруна караганда, 7-8 суткага жолду кыскартып, эң ыңгайлуу темир жол катары буюрса Кыргызстанды саясий жана экономикалык жактан жаңы деңгээлге алып чыга турган реалдуу кадам ташталды.
Төртүнчүсү, мамлекеттин пайдубалына доо кетирип, экономикалык “параличке”, мамлекеттик институттардын дат басып чиришине жана социалдык туруксуздукка алып келген, өлкөгө өлүмдөй коркунуч жараткан уюшкан кылмыштуулуктун тамыры кыркылды. Мунун арты менен мамлекеттик институттар алардан тазалана баштады. Биздин ишкерлер мурдагыдай аларга үлүштөрүн бербей, салыкты ачык төлөөгө шарт түзүлүп, салыктын төлөмү бир кыйла көбөйдү жана өлкөдө социалдык туруктуулук орун алды. Эң маанилүүсү алардын “погондуу кубулма өкүлдөрүнөн” укук коргоо органдары жана сот системасы тазалана баштады.
Бешинчиси, улуттун коопсуздугуна, экономикалык, социалдык өнүгүүгө коркунуч келтирген, мамлекеттик институттардын иштешине терс таасирин тийгизген жана кызмат адамдарына ишенбөөчүлүктү пайда кылган өлкөбүздө системалуу түрдө орун алган коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүүдө. Анын жыйынтыгында коррупциялык жол менен менчикке өтүп кеткен мамлекеттин жерлери, ар кандай багыттагы имараттар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, коррупциялык жолдор менен өз капчыктарын толтуруп алгандар «кустурулуп», мамлекеттин бюджетине салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдүн түшүүлөрү кескин көбөйдү. Ошону менен бирге коррупциялык элементтердин пайда болушун алдын алуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилүүдө. Эң негизгиси, мамлекеттик органдарга жана анын кызмат адамдарына болгон ишенимдин жогорулашына шарттар түзүлдү.
Алтынчы, энергетика тармактагы жылдан-жылга өсүп келе жаткан калктын керектөөсүн канааттандыруудагы көйгөйдү чечүү үчүн кыска убакыттын ичинде, тагыраак айтканда, акыркы эки жылдын ичинде он жети чакан ГЭСтин салынышы менен өлкөбүздүн энергетикалык кубаттуулугунун 100 МВтка жакын өсүшү.
Жетинчи, мамлекеттин кан тамыры болгон жолдордун инфраструктураларынын оңдолушу, кеңейиши жана салынышы, өзүбүздүн ички инвесторлорду колдоого алуусу менен бирге тышкы инвесторлорго ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү… Мунун артынан бүгүн курулуш өнөр жай тармагы кескин өсүп жатканына баарыбыз күбөбүз. Өзүнчө кичирайондор, үйлөр, анын ичинде социалдык багыттагы үйлөр, мамлекеттик органдар үчүн заманбап имараттар, мейманканалар, соода борборлор салынып, ишке берилди…
Албетте, жогоруда айтылган объекттерде иштөөдө жана иштетүүдө канчалаган жарандарыбыз жумуш орду жана турак жай менен камсыз кылынып, күнүмдүк оокаттарын табуу менен көптөгөн жарандар үйлүү болууда.
Акырында, дагы бир маанилүү маселе – Садыр Жапаров бир колго топтолгон катуу тикелей бийлик системасын түзүп, мамлекеттик бийлик органдарындагы калыптанган бюрократтык иш-аракеттерге бөгөт коюп, тартиптүүлүктү орнотууга жетишти…
— Бул аралыкта куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрдүн жакшы иштешине шарт түзүлдүбү?
— Бул маселе боюнча өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, аты аталган түзүмдөрдүн ичинен Камчыбек
Ташиев башкарган Улуттук коопсуздукту камсыз кылган мамлекеттик органдын, тагыраак айтканда, коопсуздук комитеттин жана анын карамагындагы чек арачылардын иштешине мурда болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлгөндүгүн байкасак болот. Жаңыдан салынган заманбап же оңдолгон имараттар, кызматкерлерине үйлөр, соц.объекттери, поликлиника, госпиталь, окуу жайлар, бала бакчалардын баары иштеген кызматкерлердин өз милдеттерин так, сапаттуу жана эффективдүү аткарылышына жана улуттун коопсуздугун, чек аранын бекемдигин керектүү деңгээлде камсыз кылууларына чоң таасирин тийгизет. Ошону менен бирге мамлекеттин ичинде эле эмес, тышкы коомдо дагы алардын абройлору жогорулап, өлкөгө жана иштеген мекемесине болгон мамилелери жакшы жакка өзгөрүп, улуттун коопсуздугун камсыз кылууда өз милдеттерин сыймыктануу менен аткарышат.
— Экономиканын жогорулап, мамлекеттер аралык мамилелер жакшырганын сездиңизби?
— Жогоруда аткарылган иштердин баары өлкөнүн экономикасына түздөн-түз байланыштуу. Наполеондун «Согушту утуш үчүн үч нерсе «Акча, акча жана акча» керек деп айткан сөзү бар. Бул сөздүн мааниси терең. Ошондуктан аткарылган иштердин баары акчага көз каранды, ал эми акча өлкөнүн экономикасына көз каранды. Экономикасы өнүкпөгөн өлкөдө кайдагы акча?! Президент Садыр Жапаров 2024-жылы «Кабар» агенттигине берген маегинде 2020-жылга өлкөнүн алтын запасы болгону 16 тонна болсо, ал эми 2024-жылы биздин запас 51 тоннага чыкканын айткан болчу. Тагыраак айтканда, беш жылда 35 тоннага көбөйгөнүн белгилеген. Бул экономиканын жылышынын түз көрсөткүчү. Мына ушул көрсөткүчтүн негизинде эле жарандарыбыз экономикалык абалыбыз жөнүндө тыянак чыгарып алса болот. Албетте, ушулардын бардыгы мамлекеттер аралык байланышка жана катнашка дагы көз каранды. Анткени, соода-сатык, алыш-бериш жана башка экономиканын көп тармактарындагы маселелер башка мамлекеттер менен болгон жакшы же жаман мамилелер менен тыгыз байланышта. Эгерде катнаштарыбыз жаман болсо, мындай деңгээлге жетүү мүмкүн эмес эле. Мына ушул көрсөткүчтөрдүн өзү эле мамлекеттер аралык мамилелердин жакшы жагына өзгөргөнүн көрсөтөт. Ошондуктан бул жерде мамлекет аралык байланыштарыбыз дагы жаңы тепкичке чыкканы байкалууда.
— Ошондо Кыргызстан жаңы баскычка кадам таштадыбы?
— Кыргызстан жаңы баскычка кадам таштамак турсун, жаңы баскычтын босогосун аттап өтүп, жолдогу тоскоолдуктардын таш-талканын чыгарып бузуп, каршы чыккандарды асфальт алдына төшөп, бардык тармакка митедей кирип, каалаган жерге үйлөрүн, имараттарын салып алгандарды санитарлар курттардан тазалагандай тазалап, эки жакка алаксыбай алдыга карай кетип жаткан учурубуз. Буга Президент Садыр Жапаровдун ишениминин жана колдоосунун негизинде Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин иш-аракеттерин мисал катары айтсак болот. Мурун ушундай баскычтагы кадамдар болду беле? Албетте болгон эмес. Кадам эмес, кээ бир көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн «объектилерге» басып бармак тургай ал жерге мурдубузду тыгуудан коркуп жүргөнбүз. Бул жаңы баскычтын нак далили.
— Бүгүн Кыргызстан аймактык туруктуулуктун да жаңы баскычына кадам таштады десек болобу? Чек ара чечилгенден кийин өлкөдө кайсы негизги милдеттер биринчи орунга чыгышы керек?
— Кыргызстан аймактык туруктуулуктун жаңы баскычына кадам таштады деп айтууга албетте, болот. Анткени, бүгүн аймактык туруктуулуктун жана өлкөдөгү стабилдүүлүктүн орун алышына баарыбыз эле күбөбүз. Дал ушул туруктуулук менен стабилдүүлүк экономиканын өнүгүшүнө жол ачты. Бирок, биз мындан ары да ушундай стабилдүүлүк жана туруктуулук боло берет деп өзүбүздү өзүбүз соороткондон алыс болушубуз керек. Бизде өкүнөрлүк мисалыбыз бар. Анын сабагы ар дайым эсибизде болушу зарыл.
Анын үстүнө бүгүнкү ааламдашкан заманда аймактык же ички, тышкы туруктуулукка, тагыраак айтканда, биз саясий жана экономикалык жактан кайсыл мамлекеттер менен тыгыз байланышта болсок, ошолор менен болгон мамилелерден да көз каранды. Мамилелер бир заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Аны Американын мисалында байкасак болот. Анын үстүнө Орусиядан биз дээрлик көп пайыз нефть жана күйүүчү майларды алабыз. “Газпром” бизди газ менен камсыз кылат. Жарандарыбыздын басымдуу көпчүлүгү ал жакта мигрант болуп иштешет… Инвестиция жана соода-сатыктын көлөмү боюнча Кытай менен тыгыз байланыштабыз. Булардан тышкары жакынкы коңшу Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен болгон мамилелерибиз да өз таасирин тийгизет. Украина менен Орусия ортосундагы жаңжал да кесепетин тийгизүүдө. Ошондуктан өзүбүздүн ички ресурстарыбызга көбүрөөк таянып иштөөгө аракет кылуу маселесине көңүл буруу керек. Туруктуулук дагы бир маанилүү ички факторлорго – мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн өкүм сүрүшүнө, эң жогорку баалуулук болгон жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктеринин камсыз кылынуусуна, сот адилеттигинин жүзөгө ашырылышына жана социалдык маселелердин туура чечилишине, айлык акылардын, пенсия, пособиелердин татыктуу жашоого жетишине жана мамлекеттик органдагы кызмат адамдардын адилеттүү жана таза иштөөлөрүнө көз каранды… Дал ушул ички факторлордун арасында орун алган кемчиликтерибиздин үстүнөн иштешибиз керек. “Участь царей – делать хорошее, а слышать дурное” дегендей, мамлекет жетекчилердин тагдыры ошондой. Канчалык жакшы иштесең дагы, жакшы нерселерди жасасаң дагы жаман сөздөр көп айтылат. Бул табигый көрүнүш. Ошондуктан жакшы сөз угайын дебей, болгон да, болбогон да мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн эмгектене берүү өтө маанилүү. Анткени, адилеттүү жана үзүрлүү эмгекке, эл жакшы сөз айтпаса дагы ошого ылайыктуу баары бир баасын берет. Ошондой эле мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча бир топ олуттуу иштерди аткаруу зарыл жана жеңил өнөр жай тармагындагы мурдагы позициябызды калыбына келтирүү жана бекемдөө багытында иштерди жүргүзүү учурдун талабы.
— Бул беш жылдыктан кандай тарыхый сабактарды алууга болот?
— Эми беш жыл өтө кыска мөөнөт болгондуктан тарыхый сабактарды алууга убакыт талап кылынат. Ошого карабастан менин жеке оюмда эки сабакты айтсам туура эле болсо керек. Биринчиси, бийлик органдары мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдаланып, мамлекеттин каражаттарын чачыратпай, чогултуп аны жалпы элдин кызыкчылыктары үчүн туура колдонуп, негизги маселелерди чечсе болоорун көрсөттү. Экинчиси, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн олуттуу маселелерде мамлекет жетекчилери чечкиндүү кадамга барып, жоопкерчиликти жеке өз моюндарына алганы да эрдик болду.
Чечкиндүүлүк, кайраттуулук жана жоопкерчиликтен коркуунун жоктугу, эң оор тоскоолдуктарды жеңүүгө жана кол жеткис көрүнгөн максаттарга жетүүгө жардам берет. Президенттин дал ушундай аракеттери менен «Кумтөр» алынды, чек ара маселелери жана биз аркылуу өтүүчү темир жолду куруу маселеси чечилди, уюшкан кылмыштуу топ талкаланды, коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүлүп, дагы да уланууда…
Чынайым Кутманалиева

