Испаниянын Эль-Гранадо шаарында абанын темпиратурасы 46 градуска чейин жогорулады. Бул тууралуу BBC NEWS кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин июнь айынын ичинде мынчалык жогорку температурадагы ысык аба ырайы катталган эмес.
Учурда Португалия, Италия, Хорватия, Франция, Австрия, Бельгия, Венгрия, Сербия, Словения, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдө да күндүн ысый тургандыгына байланыштуу эскертүүлөр жүргүзүлүүдө.
Эксперттер мындай жогорку темпиратурадагы аба-ырайынын климаттын өзгөрүшү менен түздөн-түз байланыштуу экендигин билдиришти.