"Эркин-Тоо"

ИСРАДИН СУБАНБЕКОВ: “МУРДА-КИЙИНКИ ЧИНОВНИКТЕР БАШ БОЛУП САНАРИПТИК АКЧАГА ӨТҮШҮҮДӨ”

Ушул күндөрү өлкөбүздө криптовалюта (санариптик акча) каржылык системасы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, бул жаатта иш кылууга ашыккандар арасында чоң кызыгууну жаратууда. Соңку бир жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келе жаткан маектешим алардын ишмердүүлүгүнө кызыккан элдердин катары күн сайын көбөйүп жатканын жашырбайт. Исрадин Субанбековдун буга чейин биздин гезитке берген маеги көпчүлүк окурмандардын кызыгуусун жараткандыктан алардын суранычтарын эске алып, барган сайын интернет колдонуучулар кызыккан бул тармакка кайрадан баш багып, “Бир-Аалам” компаниясынын түзүүчүсү Исрадин Субанбеков менен кеңири маанайда баарлаштык.

— Исрадин Самидинович, учурда санариптик акча боюнча өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүңөр кызуу ыргакта уланып, айрыкча интернетте “канатбутагыңар” жайылып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан тейде иш жүргүзүүгө өттүңөр. Болгону алыскы аймактардагы элге каржылык ишмердүүлүгүңөр тууралуу толук кандуу маалымат жетпей, жетсе да элдин силер менен баарлашып, иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алаалбай жатышканынан кабардар болуудабыз. алгач сөзүбүз ушул жаатта уланса дейм…

— Алгач кебимди акылдуусунбай, жөнөкөй салыштыруу менен баштагым келип турат. Кадимки үйдүн чатырын жакшы жаап, дубалын түз кылып койгонуң менен пайдубалы жакшы түптөлбөгөн болсо, мындай үйдүн бат эле жыгылып калаары турган иш. Дегеним, биз эң оболу буга чейин өлкөбүздө иш жүргүзүшкөн каржылык, тармактык (сетевой) компаниялар менен түрдүү кооперативдердин катачылыктарын кайталабашыбыз керек. Кыргызстанда буга чейин тармактык (сетевой) компаниялар, динди жамынышкан кооперативдер алгач ажиотаж кылуу менен элдин акчасын соруп, максаттуу программалары болбогондуктан бир күндө күмөндүү ишмердүүлүктөрүн токтотушкан. Бүгүн дүйнө мүнөт, секунд сайын өнүгүп, санариптештирүүнүн жолуна түштү. Санариптик акча (криптовалюта) боюнча биздин эң чоң максатыбыз – Кыргызстан каржылык жактан дүйнөдөгү санариптештирүүгө өткөн өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп, алардын алдыңкы сабына чыкса деген максатты койгонбуз. Бул максатта биз соңку 1 жылдан бери санариптик акча (криптовалюта) боюнча кызыккандарга өзүбүздүн ынтымактуу командадагы билимдүү кызматкерлерибиз менен окууларды өткөрүп, “блогчеин”, “байбит” сыяктуу программаларды майдалап түшүндүрүп келебиз. Акыбети бүгүн жаман эмес. Биздин ишмердүүлүккө элдин калың катмары кызыгып жатканын журналист катары сиздер деле байкап жатсаңар керек.

— Криптовалюта, “блогчеин”, “байбит” аттуу санариптик программаларыңарды карапайым элдин арасына көбүрөөк түшүндүрүп, “майдалап” берсеңер болот беле? Мындай кептерди өмүрү кулагы чалбаган кыргыздын кыртышына бул терминдериңердин “сиңиши” кыйыныраак болуп бараткан жокпу?

— Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп коеюнчу. Биздин каржылык тармак өтө коопсуз десем болот. Аныгында криптовалюта деген түшүнүктү билмейинче ал иш менен алектенбеш керек. Биздин компаниянын эң биринчи артыкчылыгы – адамдык фактордон алыстыгы. Өзүңөр билесиңер, адамдык фактор болгон жерде өсүп-өнүгүү кыйын болот. Буга чейин өлкөбүздө каржылык кооперативдерди иштеткен “кыраандардын” атайын калыпка салган системасы менен платформасы болбоптур. Биз элден акча чогултпай, тескерисинче, катарыбызга кошулгандарга акча берип жатабыз. Максаттарыбыздын дагы бири элибизди алдап кетишкен каржылык, тармактык (сетевой) компанияларга карама-каршы чыгуу болуп саналат. Биздин команда учурда интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу күн сайын санариптик акча боюнча онлайн режиминде окууларды өткөрүшүүдө. Алыскы айылдардын баарына барып окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө убакыт жетпейт экен. Интернет өнүккөн азыркыдай заманда мындан ары да интернет аркылуу окутууну күчөтүп, өнүктүрсөк дейбиз. Мындан тышкары ар күнү эртең менен саат 10-00дөн кечки саат 18-00гө чейин баш калаабыздагы кеңсебизде (Токтогул көчөсү №165 дарегинде, Исанов көчөсү менен кесилишкен жерде) атайын окуулар болууда. Жакындан тарта өлкөбүздүн 7 дубанына тең аймактык кеңселерибизди ачып алдык. Ал кеңселерибизде дагы жергиликтүү эл үчүн атайын окуулар уюштурулууда. Санариптик акча боюнча окууларыбыздан өткөндөрдүн алдыңкы катмары кеңири түшүнүшүп, биздин командага кошулган элдин саны күн сайын өсүүдө. Маселен, бизден тышкары санариптик акча, криптовалюта, “блогчеин”, “фьючерс” сыяктуу каржылык окууларды окутуп, үйрөткөн көптөгөн компаниялар бар. Кызыгы, алардын бир айлык окуусунун баасы миң доллардан кем эмес. А биз бир дагы адамдан 1 сом албастан, аларга кайра акча берип, санариптик криптовалюта боюнча атайын окууларды бекер өткөрүп жатабыз.

— Жаңы муундун прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөн, эл аралык деңгээлдеги заманбап окуу ыкмаларына ыктаган жаш өкүлү катары ишмердүүлүгүңдү европа баштаган санариптик системасы өнүккөн мамлекеттерде жүргүзүп жүрө берсең болот беле? Силердин ишмердүүлүгүңөрдү биздин эл түшүнгүчө күчкө толуп турган алтындай убактың менен өмүрүң өтүп жатканына өкүнүп калбайсыңбы?

— Мектептеги жашымдан тарта тарыхка кызыгып, бул жааттагы китептерди көп окуганга аракет кылам. Карт тарыхыбызда Манас бабабыздын “Талас деген элиме, кыргыз беле? Анын элдин башын бириктиргендеги аруу максаты – келечектеги кыргыздын урпактарына улуу кыргыз каганатын калтырып кетүү болгон. Биз бүгүн жаңы заманбап технологиялар менен мамлекетти көтөрбөй турган болсок, анда келечектеги урпактарыбыз башка мамлекеттер чыгарган технологиялардын кулу болуп калышы мүмкүн. Бүгүн интернеттеги “Тик Ток”, “Инстаграмм”, “Фейсбук” сындуу тиркемелерди жаш балдарыбыз гана эмес, улуу-кичүү, сакалдуу ата-апаларыбызга чейин жапырт колдонууга өттүк. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Биз бүгүн интернет аркылуу эл аралык деңгээлдеги ар кандай платформаларды колдонуп, натыйжада миллиарддаган каражаттарыбыз чет мамлекеттерге чыгып кетүүдө. Ооба, менин чет мамлекеттерде көптөгөн досторум бар. Алар да сиздин соболуңуздагыдай кептерди айтышып, өнүккөн өлкөлөрдө бирге иш кылууга чакырышууда. А мен Жараткандын каалоосу менен мусулман болуп, мусулмандардын арасынан кыргыз болуп төрөлгөнүмө миң мертебе шүгүр келтирем. Өмүрүмдүн акырына чейин Кыргыз мамлекетине, андагы эл-жериме кызмат кылууга өзүмө-өзүм ант берген жигитмин. Бүгүн Кыргызстанга келип, олуттуу каржылык программалар менен байланышкан ишмердүүлүгүмдүн маңызы да ошондон. Ошондуктан, айрымдар сыяктуу “жарма патриот” боло бербестен, эл-жерибизге олуттуу жардам берсек деген максатыбыз бар. Болбосо, азыр кара жанды кайда жүрүп баксаң болот. Эр жигит үчүн кара башыңды гана ойлоп жүрө бербестен, эл-жериңе, эң куру дегенде жакын адамдарың үчүн кызмат кылыштан өткөн олжо жоктур.

— Алдыга чоң максат коюп, жогору карай умтулганда кээде тоодой тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Кээде бардыгы өзүбүз каалагандай боло бербейт. ошондой сыноолор туш келсе, андан ийгиликтүү чыгып кете алаарыңа көзүң жетеби?

— Мен ар бир баштаган ишимди Жараткандын каалоосу менен “Бисмилляхи Рахмани Рахим” деп баштайм. “Бисмиллях” ар бир жакшылыктын башаты! Биздин колдоочубуз, коргоочубуз Жараткан Алла Таала. Командабыздын эл үчүн кылган ар бир кадамын Жараткан колдооруна ишенем. Жашоодогу эң биринчи алтын эреже, максатым – Жараткандын ыраазычылыгын табуу! Жаратканга ишенгендиктен, ушул иштерди алып кетүүдөмүн. Ооба, буга чейин биздин ишмердүүлүгүбүзгө 5-6 жолу чоң тоскоолдуктар болду. Мындан кийин да андай тоскоолдуктар болбойт деп айта албайм. Кыргыздын “мөмөлүү даракка таш ыргытылат” деген макалынын баалуулугу тегин жерден чыкпаганын түшүндүм. Эзелтен эл-жерибизге кызмат кылууну максат кылган, көкүрөгү таза кыргыздын кыраан жигиттери көп. Андай жигиттерди биз көпчүлүк учурда баалабай, бир беткей билипбилбей ушактап коет экенбиз. Биз санариптик акча (криптовалюта) боюнча компаниябызды 3 жигит негиздеп, түзгөнбүз. Үчөөбүз тең бүгүн Жараткандын ыраазычылыгы үчүн Кыргызстан дүйнөдөгү санариптештирүүгө өткөн өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп, алардын алдыңкы сабына чыкса деген максатты коюп жатабыз. Максатыбызда “мамлекет бизге эмне кылып койду эмес, мен мамлекетке эмне кылып койдум?” – деген ураан астында иштөөгө өттүк. Мындай асыл максатыбызга жетиш үчүн колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче аракетибизди кыла бермекчибиз. Биз болгону кыргызга кызмат кылсакпы деген гана ойдобуз. Элибиз үчүн кам көргөн мындай жакшы ишибизге Жараткан өзү жар болот.

— Алдыга карай кандай асыл максаттарыңар бар?

— Азыр өлкө аймагы боюнча криптовалюта, санариптик акча тууралуу миңге жакын жараныбызды атайын окуудан өткөрүүнү максат кылып жатабыз. Буюрса бул боюнча ишибизди баштадык. Аймактарыбызды убакыт-сааты менен кыдыруудабыз. Мындай ишибизди Кыргызстандын ичинде гана эмес, чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин арасында да уюштуруп, жакынкы күндөрү Москвада жолугушууларды өткөрөбүз. Ал жактагы кызыккан тараптарга окутууну баштайбыз. Алдыңкы айларда 7 миллион кыргыздын куру дегенде 30%ына окууларды, санариптик каражат боюнча түшүндүрмө берүүнү пландадык. Мындан тышкары 2 айдын аралыгында Бишкек шаарында санариптик акча, криптовалюта боюнча биздин компаниянын бир жылдык ишинин отчету болот. Бул ишчарада биз Евросоюзда катталган криптовалютанын көп тармакты камтыган “блогчеин” бөлүгүн аяктап, жакынкы күндөрү “байбит” деген аталыштагы эл аралык абройлуу каржылык биржага киребиз. Аталган биржага бүгүнкү күндө 150 миллион адам катталган. Муну менен 150 миллион мүчөсү бар эл аралык санариптик каржы базарына кирип жатабыз. Ушул иш-чарабыздын кыргызча айтканда “тоюн бергени” турабыз. Жылдык отчетту камтыган мааракебизде биз менен тыгыз иштешкен, берилген милдеттенмелерди так аткарышкан активисттер арасында атайын лотерея уюштурдук (билеттер активисттерибиз үчүн бекер берилет). Биздин активисттерибиздин көпчүлүгүнүн шаарда үйү жок экендигин эске алып, лотереянын баш байгесине Бишкектин борбордук бөлүгүнөн 3 бөлмөлүү батир койдук. Мындан тышкары байге фондунда эң жакшы үлгүдөгү 10 автоунаа, 100 адамга Умрага жолдомо жана заманбап үлгүдөгү Айфон телефондору коюлат.

— Көпчүлүк эл санариптик акча, андагы өмүрү укпаган терминдерди бир жолку окуу же сабак менен түшүнүп кетпейт да, туурабы? Карапайым эл эмес, илимбилимдүү адамдар деле азыр криптовалюта боюнча бир-эки окуу менен кеңири түшүнүккө ээ болушпаса керек…

— “Түшүнбөгөн адам болбойт, түшүндүрө албаган адам болот” деген кеп бар. Биз өзүбүздүн алдыга койгон асыл максаттарыбызды элибизге алгач түшүндүрүп, анан окутуудабыз. Албетте, суроолор болбой койбойт. Алардын баарын майдалап айтып, керек болсо “чайнап берип” түшүндүрүп жатабыз. Натыйжасы жаман эмес.

— Калктын аярлуу катмарына кайрымдуулук иштерин кыласыңарбы? Дегеним, эл алдына “биз элден акча албай, тескерисинче берип жатабыз” – деген ачык жарыяңыздан кийин муктаж катмар козголуп, силерди издегендердин саны көбөйгөнү байкалууда…

— Биздин ишмердүүлүгүбүздөгү алдыга койгон дагы бир максаттарыбыздын бири – кайрымдуулук иштерин кылуу. Жеке мен күнүнө 100 сом тапсам, анын 80 сомун элге бергим келет. Тапкан акчамдын көбүн элге, өзгөчө муктаждарга берүүнү Жараткандын ыраазычылыгы үчүн адат кылып алгам. Аймактарды кыдырып жүрүп, алыскы өрөөндөрдө муктаж болгондорду өз көзүм менен көргөн соң тапкан каражатымдын теңинен көбүн ошолорго жумшай баштадым. Жараткандын казынасы чексиз! Биз канчалык муктаждарга жардам берген сайын Алла Таала казынасын ачып коерун түшүндүм.

— Криптовалюта боюнча карапайым эл менен гана иштешип жатасыңарбы? Же өлкөбүздөгү капчыгы калың, ишкерчиликтен ийгилик жаратышкан капчыктуулар мындан ары да сиздер аркылуу байыганга мүмкүнчүлүк алып жатышабы?

— Биздин катарыбызда ишкерлер гана эмес, мурдакийинки жогорку кызматта иштеген аттуу-баштуу инсандар, мурдагы депутаттар, кыскасы, кыргызча айтканда “колунда бар” адамдар бар. Алардын ким экендигин ачыкташ адамгерчилик, этика жагынан алганда да туура эмес болуп калат.

 — Азырынча маекти ушул соболдорубуз менен жыйынтыктай туралы. Сөз соңунда кандай кебиңиз бар?

— Биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча маалыматтар гезитке берген маегибизге сыйбайт. Андыктан, кызыккандар, катарыбызга кошулгусу келгендер баш калаадагы кеңсебизге келип, окууларыбызга катышып, программабыз жакса катарыбызга кошулушса болот. Биздин эч кандай күмөндүү иштерибиз жок. Бардык каалоочуларга ачыкпыз жана эрежешарттарыбызды эринбей түшүндүрүп беребиз. Мындан тышкары каалоочулар кеңсебиздеги 0 509-99-29-18, 0 507- 02-42-98 жана 0 708-07-90-64 номерлери аркылуу байланышып, кызыккан суроолоруна жооп алышса болот.

КАЛЫГУЛ БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!