"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Италиялык режиссёр Кыргызстанда киностудия ачууга ниеттенди. Ташиев колдоого даяр

Италиянын белгилүү актеру жана режиссору Микеле Плачидо Кыргызстанда жеке киностудия ачуу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуусунда маалымдады.

Жолугушууда тараптар кинематография тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Камчыбек Ташиев Плачидонун чыгармачылыгына бардык жагынан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Италиянын маданий байланыштарын кеңейтүү, анын ичинде Микеле Плачидонун III Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуусу жана Кыргызстандын Борбор Азиядагы туристтик борбор катары эл аралык аброюн жогорулатуу темалары көтөрүлдү.

Микеле Плачидо — дүйнөлүк таанымал италиялык актер жана режиссёр. Ал «Спрут» телесериалындагы Комиссар Каттанинин ролу менен кеңири белгилүү болуп, Италиянын эң жогорку кино сыйлыгы “Давид ди Донателло” менен үч ирет сыйланган.

Актер учурда Бишкек шаарында өтүп жаткан III эл аралык кинофестивалга катышуу үчүн келди.