Sistema Moda Italia жана ACIMIT кыргыз тигүү ишканаларынын экспорттук потенциалын жогору баалашты
Италиялык SMI (Sistema Moda Italia) жана ACIMIT ассоциацияларынын делегациясы үч күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандагы бир катар негизги жеңил өнөр жай ишканаларын кыдырышты. Алар барган ишканалардын катарына төмөнкүлөр кирет:
«Бир Завод»
«Наристе-А»
«Караван Логистик»
«Кыргыз Кашемир»
«Тумар Арт-групп»
«Соллиса»
«Вива Текс»
«Текстиль Транс»
Италиялык делегация таанышкан кыргыз тигүү ишканаларынын орто сегменттеги Европа рыногуна чыгууга даярдыгын белгилешти.
Талкууланган негизги темалардын бири текстиль тармагын өнүктүрүү, анын ичинде жүндү терең иштетүү болду. Кыргызстан жылына 1000 тоннага жакын сапаттуу меринос жүнүн өндүрүп, анын өндүрүшүн көбөйтүүгө болгон тажрыйбага жана потенциалга ээ. Кыргыз жүнүнүн сапаты Европанын жана Япониянын лабораториялары тарабынан тастыкталган. Италиялык делегация бул багытта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылышты.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Италиянын текстиль тармагында кызматташуунун жана андан ары иш алып баруу талкууланды.
Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Кыргыз Экспорт» борборунун, Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин, «Тулай» ЖЧКсынын өкүлдөрү Бейшенова Сауле жана Б.Асель, ошондой эле кыргыз ишкерлеринин, ассоциацияларынын жана «Намба Медиа» жарнама агенттигинин колдоосу менен уюштурулду.