"Эркин-Тоо"

Иттердин жардамы менен коронавирус илдетин аныктай башташты

Собаки-ищейки вместо теста на коронавирус: новый способ обнаружения COVID-19  (фотогалерея)

Иттерди атайы даярдыктардан өткөргөндөн кийин, коронавирус илдети менен ооруган жана илдетти жаңы жуктуруп, бирок оорунун белгилери аныктала элек адамдардан иттердин жардамы менен илдетти аныктап турушат. Мындай “тирүү” сканерлерди аэропорттордо, вокзалдарда колдоно башташат. Окумуштуулардын айтымында,  мындай ыкманын жардамы менен анализ тапшыруу, тесттен өтүү сыяктуу узак убакытты талап кылган процедуралардан кутулса болот. Илдетти аныктоо — тез, бекер жана ийнесиз болмокчу деп Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Мындай экспериментти Лондондун окумуштуулары жүргүзө башташты. Адистер атайы даярдалган эки итти учактын ичине киргизип, 300 адамды текшерткенде, иттер жарым сааттын аралыгында жүргүнчүлөрдү “скринингден” өткөрүүгө жетишишкен. Иттер оорулуу деп тапкан адамдардан ПЧР-анализ алганда, алардан ошол маалда эч кандай оорунун симптомдору байкалбаганы менен, вирустун эки түрдүү штаммы аныкталган.

Окумуштуулардын айтымында, иттер менен вирусту аныктагандан кийин, ал адамдарды ПЧР-тесттен өткөргөндө, алардын 91 пайызынан илдетти жугузуп алганы так аныкталат.

Ал эми француздардын иттер менен жүргүзгөн изилдөөлөрүндө,  коронавирусту жугузуп, ташып жүргөн адамдардын 97 пайызы аныкталган. Бул албетте бардык жүргүнчүлөрдү мажбурлап ПЧР-тест тапшыртууга караганда, кыйла жеңил, арзан жана ыкчам.

Өткөн жылы немец окумуштууларынын жардамы менен атайы окутулуп, даярдалган иттер адамдардын шилекейи аркылуу ким оорулуу , кимдин дени сак экендигин айырмалай алышкан.

Учурда Финляндия, БАЭ, Швейцария жана Россия мамлекеттери иттерди вирусту аныктай турчу атайы даярдыктардан өткөрө башташты.

«COVID-19 илдетин тестирлөө жолу менен аныктай турган ыкма кыска убакытта көп адамдан илдетти аныктоого мүмкүнчүлүк бербейт. Ал эми атайы даярдалган иттердин жардамы менен бул маселени жеңилдетсе болот”,- дейт Лондондун Ооруларды көзөмөлдөө департаментинин башчысы Джеймс Логан.

Эксперты объяснили, как собаки ищут заболевших COVID-19 по запаху – Москва  24, 01.10.2020
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!