"Эркин-Тоо"
Кырсык

Июнь окуясына бүгүн 11 жыл болду

Мындан 11 жыл мурда өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасы башталган. 11-жыл мурда болгон кандуу кагылышууда расмий маалыматта боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у дале табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган жана жакында эле Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берди. Мындан тышкары курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52нин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп берилип, 55 аскер адамына айып коюлган.