"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Из калтыр бул дүйнөгө…

Анонс: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын ээси, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун Ардактуу атуулу, белгилүү журналист, акын жана жазуучу Сталбек Абдыраев 63 жаш курагында капысынан көз жумду. Бирок мына ушул кыска убакытта түмөн түйшүктүү журналисттик кесип менен бирге эле, жазуучулук, акындык өнөрдү аркалап, артында айтарлык из калтырды.

Ал тээтиги алыскы Ат-Башынын Жаңы-Күч деген айылынын топурагын кечип, салкын абасынан дем алып, шыңгыр булагынан суу ичип чоңойгон. 1962-жылы ушул айылда жарык дүйнөгө келиптир. Элдин балдары катары мал кайтарып, чөп чаап, картошка түптөп чоңойгон.

Ким билет, анын чыгармачылыгына Ат-Башынын жайлоолорунун гүлүнүн жыты аңкыган таза абасы, мөлтүр таза булактары, куштардын сайраганы башат болуп бергендир.

Сталбек Абдыраев адеген жылдары журналистикадан алыс эле. Ал өзү Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ошондон улам өз кесиби менен маданият тармагында иштеди. Ал жактан деле жаш экенине карабай жөндөмүнө, уюштуруучулук шыгына карап Нарын шаардык, Нарын райондук маданият бөлүмдөрүнүн башчылыгына дайындалган. Бирок ичтеги көрөңгө, чыгармачылык шык жетелеп туруп алды окшойт. Журналистикага аралашты. 1990-жылдардын башында Нарын облустук телевидениесин уюштургандардын бири, анын алгачкы диктору С.Абдыраев болду. З.Турсунбаев, Б.Шеримбеков, К.Сопубеков, Б.Белеков болушуп Нарын телесин уюштуруунун башында турушкан.

С.Абдыраев ошону менен биротоло журналисттик кесипке ооп кетти. КООРТ телеканалында, УТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасында, ЭлТР телерадиокомпаниясында жооптуу кызматтарда жигердүү иштеп, кыргыз журтчулугуна таанылды.

Журналисттик кесиптин түйшүктүү иши менен алектенип жүрүп, жазуучулукка, акындыкка кеч аралашты. Акыркы 10-15 жылда  чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, күнү-түнү иштеди. Мына ушул аз аралыкта 6 китептин автору болду. Анын алгачкы “Өчпөгөн жылдыз” деген белгилүү диктор, композитор Ж.Кайыповдун өмүр жолуна арналган китеби окурмандар тарабынан, мекендеш-замандаштары тарабынан жакшы кабыл алынды. Өзүндө да ушундай чоң чыгармаларды жаратсам болот турбайбы деген ишеним пайда болду. Андан кийин ошол эле теманы улап “Жолдубай” деген китеби жарык көрдү. Анын калемине таандык “Айылым бүтпөс дастаным” деген ыр менен жазылган дастан китеби Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев тарабынан адабий табылга катары бааланды. Ага удаа эле “Жан биргем” ырлар жыйнагы жарк деп чыга калды. Албетте мунун баары – талбаган эмгектин, тыным албаган аракеттин акыбети. Жана жогоруда айткандай ал акыркы жылдары эс алуу дегенди билбей иштеди. Өзүнүн ЭлТРдеги ишин да калтырбай, өз убагында так аткарып, адабий чыгармачылык жагын да бирдей сүйрөп жүрүп отурду.

“Рух бейне” чыгармачылык академиясынын, “Ак-Тал” адабий бирикмесинин ишине да активдүү аралашып, эл аралык алкакта чыгармачылык байланыштарды чыңдоонун үстүндө да үзүрлүү иштеди. Анын натыйжасында “Эгиз элден эгиз кайрык” аттуу казак акындары менен биргелешкен китеби жарык көрдү. Ырлары казак, түрк, орус тилдерине которулуп, чет өлкөлөрдөн да өз окурмандарын таба алды. Анын канаттуу ырларына обондор жазылып обого чыкты. Ошентип бар тарабынан жетилип, акыл-ой тутуму байып, чоң турмуштук тажырыйба топтоп, алдыга албан милдеттерди коюп, кыргыз элиме  дагы көп чыгармаларды тартуулайм, кезектеги китебимди чыгарам деп турган маалда шум ажал алып кетти.

Ажал ылгабайт тура. Жакшы-жаманыңа, коомдо ээлеген ордуңа, сиңирген эмгегиңе карабайт экен. Калктын кадырлоосуна ээ болуп, жалпы журтка таанылып, улуу-кичүүгө алынып, эми анын жемишин үзүп жээринде, ак эмгегинин үзүрүн көрөрдө жалган дүйнө менен коштошту. Бирок, анын артында адабий мурасы, айкын чыгармалары, канаттуу ырлары калды.

Ал интернет булактарында да активдүү эле. Фейсбук, инстаграммга күнү кур эмес чыгып турчу. Айрымдарчылап, кемчиликтерди айтып, бирөөлөрдү жамандап чыкчу эмес. Ал жаратылыштын кооздугун даңазалап, элди ынтымак-биримдикке чакырып, жакшылыктарды көрө билүүгө үндөп турчу. Акыркы жылдары айрыкча канааттанып жашап калган. Улам чоң курулуштун бүткөнүн, улам бир ишкананын ачылганын айтып, Президентибиз Садыр Жапаровдун саясатынын тууралыгын элге жеткиргенге аракет кылчу.

Жакында эле белгилүү журналист, акын жана жазуучу С.Абдыраевдин өмүр жолу, чыгармачылыгына арналган “Байтерек сындуу бараандуу жигит эле” деген эскерүү китеби чыкты. Ал китеп “Рух бейне” чыгармачылык акдемиясы менен “Ак-Тал” адабий бирикмесинин демөөрчүлүгү, Кыргыз Эл жазуучусу С.Рысбаевдин түзүүсү, З.Асаналиевдин редакторлугу астында жарык көрдү.

Айтайын дегеним, каарманымдын  өмүр жолу кийинки муундарга үлгү. Ал өзүнө-өзү Сталбек Абдыраев деген татыктуу ысымды жасап, өзүн-өзү бутуна тургузду. Талбаган аракети, чыгармачылык жигери менен артына из калтырды. Адал эмгек, талбаган аракет качан да болсо өз жемишин берерин далилдеп өттү. Артына өлбөс-өчпөс из калтырды.

Курманбек Рыспаев